Загрузка документа…
ОРТО-КАЙЫҢДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2026-жылдын 6-апрели № 54
Таштанды чыгаруу үчүн салык эмес жыйымды бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө “ Мыйзамынын 34- беренесинин 1-4 пуктчасына ылайык жана Кыргыз Республикасынын Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кодексинин 74 – беренесинин, 76 - беренесинин 3- пунктунун негизинде Орто-Кайыңды айылдык кеңеши токтом кылат :
1.Орто-Кайыңды айыл аймагында калктуу конуштардын таштандыларын чыгаруу үчүн салык эмес жыйым акысы төмөнкү өлчөмдө бекитилсин :
1) Жеке жактар үчүн ар бир жашоочуга 15 сом .
2) Юридикалык жактар үчүн ар бир адамга 25 сом.
2. Таштанды чыгаруу үчүн салык эмес жыйымдан төмөнкүлөр бошотулсун ;
1) 16 чашка чейинки балдар.
2) Пенсия курагындагы адамдар.
3) 1.2. топтогу майыптар.
3.Таштанды чыгаруу үчүн салыктык эмес жыйымды эсептөө жана жыйым акысын төлөө мөөнөтү учурдагы жылдын 1- апрелине чейин деп бекитилсин .
4.Учурдагы жылдын 1 –апрелинен кийин жаңы катталган субьектилер үчүн жыйымды төлөө жана эсептөөнү тапшыруу Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик салык төлөөчүнүн реестрине киргизилген айдан кийинки айдын 20сынан кечиктирбестен жыйымды төлөө милдеттендирилсин.
4.Ушул токтом каттого алынсын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция Министирлигине жөнөтүлсүн.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Орто-Кайыңды айыл өкмөтүнүн башчысы Баязова Ж.Э жана айылдык кеңештин бюджет маселеси боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн .
Төрага |
| К.Мырзагелдиев |