Редакцияот 18.12.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги II сессиясы

 

2024-жылдын 18-декабырындагы №16

 

“Жалал-Абад облусунун прокуратурасынын каршылык билдирүүсү жөнүндө”

 

Жалал-Абад облусунун прокуратурасынын 06.12.2024-жылдагы №24/172-04-11/1-6-01321 чыгыш сандуу Жалал-Абад облусунун прокуратурасы тарабынан, КР Башкы прокуратурасынын коллегиясынын чечимдерин аткаруу максатында, КР Президентинин Указдарынын, Министрлер Кабинетинин токтомдорунун аткарылуусу боюнча Чаткал районунун Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңеши тарабынан кабыл алынган токтомдоруна жүргүзүлгөн маниторингдин жыйынтыгынын негизинде 2024-жылдын 19-апрелиндеги №10 жана №5 токтомдору боюнча каршылык билдирүүсү менен таанышып жана талкуулап Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.    Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңеши тарабынан 2024-жылдын 19-апрелинде кабыл алынган №10 жана №5 токтомдору Жалал-Абад облустук прокуратурасынын каршылык билдирүүсүнүн негизде жокко чыгарылсын.

 

2.    Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары Кутбидин уулу Бектемирге жүктөлсүн. Иш алып баруу Каныш-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Б.С.Ашырбаевге тапшырылсын.

 

 

 

 

 

Төрага:

М.М.Козубаев