Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫНЫН ТОКТОМУ
2026-жылдын 5-августу № 73
Бишкек, Өзгөн, Араван, Кара-Суу, Ала-Бука, Баткен, Кадамжай жана Каракол аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, катталган талапкерлерди депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жана бош калган мандаттарды шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерин бекитүү тууралуу
"Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесине жана "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3, 5-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
- Бишкек, Өзгөн, Араван, Кара-Суу, Ала-Бука, Баткен, Кадамжай жана Каракол аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө чечимдери 1-тиркемеге ылайык;
- Өзгөн, Араван жана Кара-Суу аймактык шайлоо комиссияларынын катталган талапкерлерди депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жөнүндө чечимдери 2-тиркемеге ылайык;
- Өзгөн, Кара-Суу, Ала-Бука, Баткен, Кадамжай жана Каракол аймактык шайлоо комиссияларынын бош калган мандаттарды шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдери 3-тиркемеге ылайык.
2. 1-тиркемеде көрсөтүлгөн жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын күбөлүктөрү ушул токтом жарыяланган күндөн тартып жараксыз деп таанылсын.
3. Өзгөн, Кара-Суу, Ала-Бука, Баткен, Кадамжай жана Каракол аймактык шайлоо комиссиялары 3-тиркемеге ылайык жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттарын катташсын жана аларга белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөрдү жана төш белгилерди тапшырышсын.
4. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын "Эркин-Тоо" мамлекеттик расмий гезитине жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
5. Ушул токтомдун көчүрмөсү тиешелүү аймактык шайлоо комиссияларына жана жергиликтүү кеңештерге жөнөтүлсүн.
6. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Р.Ш.Жакышовго жүктөлсүн.
Төрага |
| Т.Шайназаров |
|
| Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2026-жылдын 5-августундагы № 73 токтомуна 1-тиркеме |
Бишкек, Өзгөн, Араван, Кара-Суу, Ала-Бука, Баткен, Кадамжай жана Каракол аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө чечимдери
№ | АШКнын аталышы, чечимдин датасы, номери жана негизи | Жергиликтүү кеңештин аталышы | Ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган жергиликтүү кеңештин депутатынын аты-жөнү |
Бишкек шаары | |||
Бишкек шаары | |||
1 | Бишкек АШК, 2026-жылдын 15-июлу, № 26, 2026-жылдын 14-июлундагы өз арызы | Бишкек шаардык кеңеши | "Жаңы күч - Новая сила" депутаттык фракциясынан Токтогулов Максат Сарылбекович |
Ош облусу | |||
Өзгөн шаары | |||
2 | Өзгөн АШК, 2026-жылдын 20-июлу, № 12, 2026-жылдын 14-июлундагы өз арызы | Өзгөн шаардык кеңеши | "Эл биримдиги" депутаттык фракциясынан Нарматова Мияссархан Адахамовна |
Араван району | |||
3 | Араван АШК, 2026-жылдын 23-июлу, № 3, 2026-жылдын 21-июлундагы өз арызы | Дөбө-Коргон айылдык кеңеши (№ 6 Кесов шайлоо округу) | Холматов Шерзодбек Холкозиевич |
Кара-Суу району | |||
4 | Кара-Суу АШК, 2026-жылдын 27-июлу, № 10, 2026-жылдын 27-июлундагы өз арызы | Датка айылдык кеңеши (№ 3 Шарк шайлоо округу) | Машрабаев Боходиржон Хасанович |
Жалал-Абад облусу | |||
Ала-Бука району | |||
5 | Ала-Бука АШК, 2026-жылдын 13-июлу, № 3, 2026-жылдын 10-июлундагы өз арызы | Айры-Там айылдык кеңеши (№ 2 Жаңы-Шаар шайлоо округу) | Салибаев Төрөгазы Сабыралыевич |
Баткен облусу | |||
Баткен району | |||
6 | Баткен АШК, 2026-жылдын 21-июлу, № 4, Суу-Башы айылдык кеңешинин 2026-жылдын 15-июлундагы № 154 токтому | Суу-Башы айылдык кеңеши (№ 1 Боз-Адыр шайлоо округу) | Анаралиев Акбарали |
7 | Баткен АШК, 2026-жылдын 21-июлу, № 4, Суу-Башы айылдык кеңешинин 2026-жылдын 15-июлундагы № 154 токтому | Суу-Башы айылдык кеңеши (№ 5 Катта-Тал шайлоо округу) | Абдурасулов Алмазбек Абдыкаарович |
Кадамжай району | |||
8 | Кадамжай АШК, 2026-жылдын 20-июлу, № 13, 2026-жылдын 17-июлундагы өз арызы | Молдо Нияз айылдык кеңеши (№ 2 Кыргыз-Кыштак шайлоо округу) | Машрапов Куштарбек Примбердиевич |
Ысык-Көл облусу | |||
Каракол шаары | |||
9 | Каракол АШК, 2026-жылдын 8-июлу, № 5, 2026-жылдын 7-июлундагы өз арызы | Каракол шаардык кеңеши | "Жаңы Кыргызстан" депутаттык фракциясынан Орозбекова Динара Осмоновна |