Редакцияот 19.04.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

АРСТАНБАП - АТА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Арстанбап-Ата айылдык кеңешинин VIII  чакырылышынын

кезектеги II сессиясынын

 

2024-жылдын 19-апрелиндеги № 3

 

“Арстанбап-Ата айыл аймагынын административдик чек арасынын схемалык картасын кароо”

Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын денгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүүнүн алкагында Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун Арстанбап-Ата айыл аймагынын Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттигинин “Кыргызмамжердолбоор” мамлекеттик ишканасы тарабынан түзүлгөн Арстанбап-Ата айыл аймагынын административдик чек арасынын схемалык картасын карап жана талкуулап, Арстанбап-Ата айылдык кенеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:      

 

1.        Арстанбап-Ата айыл аймагынын административдик чек арасынын схемалык картасы жана ага тиркелген чек ара баяндамасына макулдук берилсин.

 

2.    Арстанбап-Ата айылдык кеңешинин төрагасы Т.Көчөровго жана Арстанбап-Ата айыл өкмөтүнүн башчысы А.Адишовго схемалык картага кол коюу тапшырылсын.

 

3.    Бул токтомдун көчүрмөсү Базар-Коргон райондук мамлекеттик администрациясына жөнөтүлсүн.

 

4.    Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырам.

 

 

Төрага

 

                 Т.Көчөров