Редакцияот 19.04.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

АРСТАНБАП - АТА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Арстанбап-Ата айылдык кеңешинин VIII  чакырылышынын

кезектеги II сессиясынын

 

2024-жылдын 19-апрелиндеги № 4

 

“Арстанбап-Ата айыл аймагынын Жай-Терек айылынын тургуну Калбатаев Орозбек Ахматовичтин 0,05 га жеке менчик жер аянтын муниципалдык менчикке алуу”

Арстанбап-Ата айыл аймагынын Жай-Терек айылынын тургуну Калбатаев Орозбек Ахматовичтин арызынын жана 2024-жылдын 11-апрелиндеги тартулоо келишиминин негизинде, Арстанбап-Ата айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги II сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:      

 

1.   Арстанбап-Ата айыл аймагынын Жай-Терек айылынын тургуну Калбатаев Орозбек Ахматовичтин арызынын жана 2024-жылдын 11-апрелиндеги тартулоо келишиминин негизинде идентификациялык сыр номери 3-02-08-1005-0551 болгон 500 м2 жер аянты муниципалдык менчикке алынсын.

 

2.   Арстанбап-Ата айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчик реестрине киргизүү айыл өкмөтүнүн башчысы А.Адишовго жүктөлсүн.

 

3.    Жер ресурстар кызматынын Базар- Коргон филиалынан жер участогунун мамлекеттик акт берүү жагы суралсын.

 

4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Арстанбап-Ата айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары Ж.Абдухалиловго жүктөлсүн.

 

 

Төрага

 

                   Т.Көчөров