Загрузка документа…
|
| Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын 2026-жылдын 5-августунданы № П-330 буйругуна 2-тиркеме |
Алкоголдук тармактын ишканалары тарабынан алкоголдук жана спирт камтыган продукцияны өндүрүүдө этил спиртинин табигый азаюу ченемдерин аныктоо жана бекитүү тартиби
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Тартип алкоголдук тармактын ишканалары тарабынан алкоголдук жана спирт камтыган продукцияны өндүрүүдө этил спиртинин табигый азаюу ченемдерин аныктоо, эсептөө, бекитүү, колдонуу, кайра кароо жана документтик тариздөө боюнча бирдиктүү талаптарды белгилейт.
2. Ушул Тартип Кыргыз Республикасынын аймагында алкоголдук жана спирт камтыган продукцияны өндүрүүнү жүзөгө ашырган алкоголдук тармактын ишканаларына жайылтылат.
3. Этил спиртинин табигый азаюу ченемдери этил спиртин, спирт камтыган жарым фабрикаттарды, алкоголдук жана спирт камтыган продукцияны өндүрүүдө, сактоодо, завод ичинде алып өтүүдө, технологиялык иштеп чыгууда, купаждоодо, фильтирлөөдө, жетилтүүдө, куюуда жана башка өндүрүштүк операцияларда колдонулат.
4. Этил спиртинин табигый азаюу ченемдери төмөнкү максаттарда белгиленет:
– этил спиртинин так эсебин камсыз кылуу;
– этил спиртинин технологиялык жактан сөзсүз келип чыгуучу жоготууларын аныктоо;
– табигый азаюуну, технологиялык жоготууларды, өндүрүштүк бракты жана ченемден ашкан жоготууларды ажыратуу;
– этил спиртинин жана спирт камтыган продукциянын сакталышын контролдоо;
– этил спиртинин жоготууларын негиздүү эсептен чыгаруу;
– этил спиртин, алкоголдук жана спирт камтыган продукцияны өндүрүү жана жүгүртүү чөйрөсүндө мамлекеттик контролду жүзөгө ашыруу.
5. Этил спиртинин табигый азаюу ченемдери табигый азаюу жол берилген эң жогорку чектери болуп саналат жана чийки заттын жана материалдардын чыгымдарынын ченемдерин эсептөөдө, өндүрүштүк эсепке алууда, табигый азаюуну эсептен чыгарууда жана мамлекеттик контролду ишке ашырууда колдонулат.
6. Этил спиртинин табигый азаюу ченемдери авариялардан, агып кетүүлөрдөн, жабдуулардын бузулушунан, уурдоолордон, жетишпестиктерден, технологиялык режимдин бузулушунан, туура эмес сактоодон, дозалоодогу каталардан же табигый физикалык-химиялык процесстерге байланыштуу болбогон башка себептерден улам келип чыккан жоготууларды эсептен чыгаруу үчүн колдонулбайт.
7. Этил спиртинин табигый азаюу ченемдери технологиялык жактан негизделген, документ түрүндө ырасталган жана суусуз спиртке карата кайра эсептелген болушу керек.
8. Алкоголдук тармактын ишканалары этил спиртинин бекитилген табигый азаюу ченемдерин сактоого жана мамлекеттик контролду жүргүзүүдө ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга берүүгө милдеттүү.
2. Терминдер жана аныктамалар
9. Ушул Тартипте төмөнкүдөй терминдер колдонулат:
1) этил спиртинин табигый азаюусу – сактоо, алып өтүү учурунда пайда болгон физикалык-химиялык процесстердин натыйжасында этил спиртинин санынын азаюусу;
2) табигый азаюу ченеми – этил спиртинин, спирт камтыган чийки заттын, жарым фабрикаттын же продукциянын санына карата пайыз же абсолюттук мааниде белгиленген этил спиртинин табигый азаюусуна жол берилген чектүү чоңдугу;
3) иш жүзүндөгү азаюу – өндүрүш операциясынын, сактоонун, алып өтүүнүн же инвентаризациянын жыйынтыгында аныкталган суусуз спирттин санынын азайышы;
4) ченемден ашык азаюу – этил спиртинин табигый азаюунун бекитилген ченеминен ашык азаюусу;
5) материалдык жооптуу жак – этил спиртинин, спирт камтыган жарым фабрикаттардын, алкоголдук жана спирт камтыган продукциялардын сакталышы үчүн жоопкерчилик жүктөлгөн ишкананын кызматкери.
3. Ченемдөө объектиси
10. Төмөнкүлөрдө камтылган этил спиртинин табигый азаюусу ченемделүүгө тийиш:
– этил спиртинде;
– спирт камтыган чийки затта;
– спирт камтыган жарым фабрикаттарда;
– сорттолгон азыктарда;
– купаждарда;
– тундурмаларда;
– морстордо;
– жыпар жыттуу спирттерде;
– спирт кошулган ширелерде;
– дистилляттарда;
– шарап материалдарда;
– куюлганга чейинки алкоголдук продукцияда;
– даяр алкоголдук жана спирт камтыган продукцияда, эгерде анын сактоо же жүгүртүү учурунда табигый азаюу пайда болсо.
11. Табигый азаюунун ченемдери төмөнкүдөй операциялар боюнча белгилениши мүмкүн:
– кабыл алуу;
– сактоо;
– заводдун ичинде алып өтүү;
– төгүү;
– куюу;
– куюп өткөрүү;
– сорттоого даярдоо;
– купаждоо;
– тундуруу;
– жетилтүү;
– фильтрлөө;
– сорбенттер жана жардамчы материалдар менен иштеп чыгуу;
– таңгакка куюу;
– лабораториялык сынамыктарды алуу;
– бракты кайтаруу жана кайра иштетүү;
– технологиялык регламентте каралган башка операциялар.
4. Табигый азаюу ченемдерин аныктоо принциптери
12. Табигый азаюу ченемдери төмөнкүдөй болушу керек:
– технологиялык жактан негизделген;
– документ түрүндө ырасталган;
– суусуз спиртке кайра эсептелип аныкталган;
– өндүрүштүк, кампалык жана бухгалтердик эсепке алуу маалыматтары менен салыштырмалуу;
– конкреттүү операцияларга, продукциянын түрлөрүнө, сактоо шарттарына жана колдонулган жабдууларга байланыштырылган;
– мамлекеттик контролду жүргүзүүдө текшерилүүчү.
13. Табигый азаюу ченемдерин аныктоодо төмөнкүлөр эске алынат:
– этил спиртинин же спирт камтыган продукциянын түрү;
– продукциянын күчтүлүүгү;
– суусуз спирттин саны;
– сактоо жана иштеп чыгуу температурасы;
– сактоо мөөнөтү;
– сыйымдуулуктун түрү;
– сыйымдуулукту толтуруу даражасы;
– куюп өткөрүүлөрдүн саны;
– төгүү жана куюу ыкмасы;
– жабдуулардын жана коммуникациялардын герметикалуулугу;
– технологиялык жабдуунун тиби;
– фильтрлөөнүн, иштеп чыгуунун, жетилтүүнүн жана куюунун өзгөчөлүктөрү;
– мезгилдик факторлор, эгер алар азаюунун чоңдугуна таасирин тийгизсе.
14. Табигый азаюу ченемдерине төмөнкүлөрдү киргизүүгө жол берилбейт:
– авариялардан келип чыгуучу жоготуулар;
– жабдуулардын бузулушунун кесепетинен агып кетүү;
– уурдоо;
– эсепке алуу эрежелеринин бузулушунан келип чыккан кемчиликтер;
– идиштин сынуусу;
– туура эмес сактоонун кесепетинен жоготуулар;
– технологиялык режим бузулгандагы жоготуулар;
– туура эмес дозалоонун кесепетинен жоготуулар;
– өзүнчө эсепке алууга тийиш өндүрүштүк брак.
5. Ченемдерди аныктоо үчүн маалымат булактары
15. Табигый азаюу ченемдерин аныктоо үчүн төмөнкүлөр колдонулат:
– технологиялык регламенттер;
– технологиялык нускамалар же технологиялык карталар, рецептуралар;
– жабдууларга паспорттор жана техникалык документтер;
– көлөмдү жана күчтүүлүктү өлчөө боюнча маалыматтар;
– лабораториялык контролдоо маалыматтары;
– этил спиртинин жана спирт камтыган продукциянын кыймылы боюнча журналдар;
– кабыл алуу, өткөрүп берүү, куюп өткөрүү, купаждоо, фильтрлөө, куюу жана башка операциялар боюнча актылар;
– инвентаризация актылары;
– контролдук ченөө актылары;
– эсепке алуунун автоматташтырылган тутумдарынын маалыматтары;
– мурунку мезгилдердеги иш жүзүндөгү жоготуулар жөнүндө маалыматтар.
16. Жетиштүү иш жүзүндө маалыматтар жок болгон учурда, ченем эсептөө ыкмасы менен белгилениши мүмкүн жана контролдук ченөөлөрдүн, тажрыйбалык операциялардын же иш жүзүндөгү маалыматтарды талдоонун жыйынтыктары боюнча такталат.
6. Табигый азаюуну аныктоо методикасы
17. Этил спиртинин табигый азаюусу этил спиртинин саны азайышы мүмкүн болгон ар бир операция боюнча, табигый физикалык-химиялык процесстердин натыйжасында аныкталат.
Табигый азаюуну эсептөө суусуз спиртке кайра эсептегенде жүргүзүлөт.
18. Табигый азаюуну аныктоодо этил спиртинин, спирт камтыган чийки заттын, жарым фабрикаттардын же продукциянын тиешелүү операцияга чейинки жана андан кийинки көлөмү жана күчтүлүүгү эске алынат.
19. Иш жүзүндөгү азаюу суусуз спирттин санын тиешелүү операция, сактоо, алып өтүү же инвентаризацияга чейин же кийин салыштыруу менен аныкталат.
20. Ченемден ашык азаюу табигый азаюунун бекитилген ченеминен иш жүзүндөгү азаюунун ашып кетиши катары аныкталат.
21. Эгерде иш жүзүндөгү азаюу табигый азаюунун бекитилген ченеминен ашпаса, ченемден ашык азаюу болбойт.
Табигый, иш жүзүндөгү жана ченемден ашык азаюуну эсептөө ушул Тартиптин 1-тиркемесине ылайык этил спиртинин табигый азаюу ченемин эсептөө барагында чагылдырылат.
7. Ишкана тарабынан ченемдерди иштеп чыгуу жана бекитүү
22. Ченемдерди иштеп чыгуу төмөнкүлөрдү камтыйт:
– этил спиртинин табигый азаюусуна алып келген операциялардын тизмегин аныктоо;
– ченемдөө объекттерин аныктоо;
– алгачкы маалыматтарды чогултуу;
– өндүрүштүн технологиялык схемаларын талдоо;
– колдонулуучу жабдууларды, сыйымдуулукту жана коммуникацияларды талдоо;
– зарыл болгон учурда контролдук ченөөлөрдү же тажрыйбалык операцияларды жүргүзүү;
– ченемдин долбоорун эсептөө;
– эсептөө негизин тариздөө;
– табигый азаюу ченеминин картасын тариздөө;
– ченемдин долбоорун макулдашуу;
– ченемди ишкананын жетекчиси же ыйгарым укуктуу жак тарабынан бекитүү;
– ченемди табигый азаюу ченемдеринин тизмегине киргизүү.
23. Этил спиртинин табигый азаюу ченемин иштеп чыгуу алкоголдук тармактын ишканалары тарабынан өз алдынча жүргүзүлөт. Ченемдерди иштеп чыгууга технологиялык кызмат, өндүрүштүк бөлүк, лаборатория, бухгалтерия, экономикалык кызмат, метрологиялык кызмат, материалдык жооптуу жак жана зарыл болгон учурда башка бөлүктөр катышат.
Табигый азаюу ченеми алкоголдук тармактын ишканасынын буйругу жана тескемеси менен бекитилет.
Тиешелүү акт менен таризделген тажрыйбалык же контролдук операцияларды кошпогондо, табигый азаюу ченеми бекитилгенге чейин этил спиртинин жоготууларын эсептен чыгарууда колдонууга жол берилбейт,
8. Ченемди документтик тариздөө
24. Ченемди иштеп чыгуунун жыйынтыгы боюнча төмөнкүлөр таризделет:
– табигый азаюу ченеминин эсептөө барагы;
– табигый азаюу ченеминин картасы;
– зарыл болгон учурда контролдук ченөө актысы же тажрыйбалык операция, макулдашуу барагы;
– ченемди бекитүү жөнүндө буйрук, тескеме же башка ички документ;
– табигый азаюу ченеминин тизмеги.
25. Этил спиртинин табигый азаюу ченеминин эсептөө барагы ушул Тартиптин 1-тиркемесине ылайык форма боюнча таризделет.
Этил спиртинин табигый азаюу ченеминин картасы ушул Тартиптин 2-тиркемесине ылайык форма боюнча таризделет.
Этил спиртинин табигый азаюу ченеминин тизмеги ушул Тартиптин 3-тиркемесине ылайык форма боюнча жүргүзүлөт.
Контролдук ченөө же тажрыйбалык операциянын актысы ушул Тартиптин талаптарын эске алуу менен алкоголдук тармактын ишканасы тарабынан өз алдынча бекитилген форма боюнча таризделет.
9. Ченемдин тизмегин жүргүзүү
26. Алкоголдук тармактын ишканасы этил спиртинин табигый азаюу ченеминин тизмегин жүргүзөт.
Тизмекте төмөнкүлөр көрсөтүлөт:
– ченемдин каттоо номери;
– операциянын аталышы;
– ченемдөө объектиси;
– продукциянын же жарым фабрикаттын түрү;
– продукциясынын күчтүүлүгү;
– эсептик базасы;
– ченемдин өлчөмү;
– бекитилген дата;
– колдонууга киргизилген дата;
– колдонуу мөөнөтү;
– ченемдин статусу;
– ченемди иштеп чыгуунун, өзгөртүүнүн же жокко чыгаруунун негизи.
27. Тизмек кагаз жүзүндө жана/же электрондук түрдө жүргүзүлөт.
28. Бекитилген табигый азаюу ченемдери ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан текшерүү үчүн жеткиликтүү болушу керек.
10. Табигый азаюу ченемдерин колдонуу
29. Табигый азаюунун бекитилген ченемдери төмөнкү учурларда колдонулат:
– этил спиртинин табигый азаюусу эсептен чыгарылганда;
– өндүрүштүк отчетторду тариздөөдө;
– этил спиртин, жарым фабрикаттарды жана продукцияны инвентаризациялоодо;
– этил спиртинин кыймылын талдоодо;
– продукциянын иш жүзүндөгү чыгышын эсептөөдө;
– ченемден ашык жоготуулар аныкталганда;
– продукциянын өздүк наркын эсептегенде;
– мамлекеттик контролду жүргүзүүдө.
30. Табигый азаюуну эсептен чыгаруу төмөнкүлөр болгондо гана жүргүзүлөт:
– табигый азаюунун бекитилген ченеми;
– тиешелүү операцияны ырастаган алгачкы документтер;
– этил спиртинин же спирт камтыган продукциянын саны жана күчтүлүүгү жөнүндө маалыматтар;
– табигый азаюунун эсеби;
– эсептен чыгаруу актысы же ишкана тарабынан белгиленген башка документ.
31. Табигый азаюуну эсептен чыгарууга төмөнкү учурларда жол берилбейт:
– бекитилген ченемсиз;
– өзүнчө каралбастан бекитилген ченемден ашык;
– алгачкы документтер жок;
– технологиянын бузулушунун, агып кетүүнүн, авариянын же кемчиликтердин белгилери аныкталган учурда.
11. Иш жүзүндөгү азаюуну контролдоо
32. Иш жүзүндөгү азаюуну контролдоо этил спиртинин жана спирт камтыган продукциянын кыймылынын журналдарынын, кабыл алуу жана өткөрүп берүү актыларынын, купаждоо, куюп өткөрүү, фильтрлөө жана куюу актыларынын, инвентаризация актыларынын, лабораториялык контролдоонун маалыматтарынын, өлчөө каражаттарынын көрсөткүчтөрүнүн, өндүрүштүк отчеттордун жана бухгалтердик эсепке алуу маалыматтары боюнча ишке ашырылат.
33. Ар бир операция боюнча төмөнкүлөр салыштырылат:
– суусуз спирттин кириш саны;
– суусуз спирттин чыгыш саны;
– иш жүзүндөгү азаюу;
– ченемдик азаюу;
– айырма.
34. Иш жүзүндөгү азаюу ченемдик азаюудан ашып кетиши аныкталганда себептерге талдоо жүргүзүлөт жана тиешелүү акт таризделет.
12. Табигый азаюу ченемдерин кайра карап чыгуу
35. Табигый азаюу ченемдери төмөнкүдөй учурларда кайра каралууга тийиш:
– Кыргыз Республикасынын мыйзамдары өзгөргөндө;
– өндүрүштүн технологиялык схемасы өзгөргөндө;
– жаңы жабдуу киргизилгенде;
– сыйымдуулуктарды, түтүктөрдү, насосторду же фильтрлөөчү жабдууларды алмаштырууда;
– сактоо шарттары өзгөргөндө;
– продукциянын ассортименти өзгөргөндө;
– иш жүзүндөгү азаюунун бекитилген ченемдерден системалуу айрымасы аныкталганда;
– инвентаризациялоонун жыйынтыгы боюнча;
– Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын талабы боюнча;
– алкоголдук тармактын ишканасынын чечими боюнча.
36. Ченемдерди кайра карап чыгуу ченемдин жаңы редакциясы менен же өзгөртүү баракчасы менен таризделет.
Күчүн жоготкон ченемдер ички документтерде белгиленген тартипте ишкана тарабынан колдонуудан чыккан статусуна которулат жана сакталат.
13. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын табигый азаюу ченемдерин кайра карап чыгуу жөнүндө талабын кароо тартиби
37. Этил спиртинин табигый азаюу ченемдеринин негизсиз жогорулашынын белгилери аныкталган учурда, ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган алкоголдук тармактын ишканасына тиешелүү ченемди кайра карап чыгуу жөнүндө талап жөнөтүүгө укуктуу.
38. Табигый азаюу ченемин кайра карап чыгуу жөнүндө талап алкоголдук тармактын ишканасына аны алуу фактысын жана датасын ырастоого мүмкүндүк берген ыкма менен кагаз жүзүндө жана/же электрондук формада жөнөтүлөт.
39. Табигый азаюу ченемин кайра карап чыгуу жөнүндө талап төмөнкүлөрдү камтышы керек:
– алкоголдук тармактын ишканасынын аталышы;
– кайра каралууга тийиш болгон табигый азаюу ченеминин аталышы;
– ченемди кайра карап чыгууну талап кылган операция, ченемдөө объектиси же продукциянын түрү;
– талаптын багытынын негиздери;
– ченемдин негизсиз жогорулашынын аныкталган белгилеринин баяндалышы;
– маселени кароо үчүн зарыл болгон документтердин жана маалыматтардын тизмеги;
– талапты кароо мөөнөтү.
40. Алкоголдук тармактын ишканасы табигый азаюу ченемин кайра карап чыгуу жөнүндө талапты аны алган күндөн тартып 15 жумуш күндүн ичинде карайт.
41. Кошумча документтерди алуу, контролдук ченөөлөрдү, тажрыйбалык операцияларды жүргүзүү же өндүрүштүк маалыматтарды талдоо зарыл болгон учурда, ишкана талапты кароо мөөнөтүн узартуунун себептери жөнүндө ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга кабарлоо менен аны 10 жумуш күндөн ашпаган мөөнөткө узарта алат.
42. Талапты кароонун жыйынтыгы боюнча алкоголдук тармактын ишканасы төмөнкү чечимдердин бирин кабыл алат:
– табигый азаюунун тиешелүү ченемин кайра карап чыгуу жөнүндө;
– кошумча эсептөө жана технологиялык негиздемелерди берүү менен табигый азаюунун колдонуудагы ченемин сактоо жөнүндө;
– этил спиртин табигый жоголуусунун ченемин кайра кароодон баш тартуу жөнүндө – технологиялык процесстин, колдонулуучу жабдуулардын, этил спиртин сактоо жана ташуу шарттарынын, ошондой эле ушул Тартипте каралган көрсөткүчтөрдүн өзгөргөндүгүн ырастоочу документтер жок болгон учурда, баш тартуунун себептерин көрсөтүү менен.
43. Алкоголдук тармактын ишканасынын чечими буйрук, тескеме жана комиссиянын протоколу менен таризделет.
44. Алкоголдук тармактын ишканасы чечим кабыл алган күндөн тартып 3 жумуш күндүн ичинде ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга кабыл алынган чечим жөнүндө кабарлайт.
Кабарламага төмөнкүлөр тиркелет:
– ишкананын чечиминин көчүрмөсү;
– ченемди кайра карап чыгууда – ченемдин жаңы редакциясы же өзгөртүү баракчасы;
– колдонуудагы ченемди сактоодо – кошумча эсептөө жана технологиялык негиздеме;
– ченемди кайра карап чыгуудан баш тартууда – негиздүү баш тартуу жана аны ырастоочу документтер.
45. Кабарлама анын жиберилген фактысын жана датасын ырастоого мүмкүндүк берген ыкма менен кагаз жүзүндө жана/же электрондук формада жөнөтүлөт.
14. Контроль жана жоопкерчилик
46. Алкоголдук тармактын ишканасы этил спиртинин табигый азаюу ченемин аныктоонун, бекитүүнүн, жүргүзүүнүн жана колдонуунун аныктыгын камсыз кылат.
Ишкананын кызмат адамдары ченемде, эсептешүү документтеринде, тизмектерде жана өндүрүштүк отчеттордо камтылган маалыматтардын аныктыгы үчүн жоопкерчилик тартат.
47. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган мамлекеттик контролду жүзөгө ашырууда этил спиртинин табигый азаюу ченемдеринин болушун, негиздүүлүгүн, актуалдуулугун жана колдонулушун текшерүүгө укуктуу.
48. Ушул Тартиптин талаптары бузулгандыгы аныкталган учурда Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө Кодексинде каралган чаралар колдонулат.