СҮЙМОНКУЛ ЧОКМОРОВ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
Бириккен Сүймонкул Чокморов айылдык кенешинин уюштуруу сессиясы
2024-жылдын 20-февралы № 2
Бириккен Сүймонкул Чокморовайылдык кеңешинин төрагасын
шайлоо боюнча добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколду бекитүү
тууралуу
“Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-декабрындагы №370 Жарлыгын, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 7-февралындагы № 24 Жарлыгы менен бекитилген пилоттук режимде жүргүзүлүп жаткан административдик-аймактык реформанын алкагында жергиликтүү кеңештердин иши жѳнүндѳ Убактылуу жобону жетекчиликке алып,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бириккен Сүймонкул Чокморов айылдык кеңешинин төрагасынын орун басарын шайлоо боюнча добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө 2024-жылдын 20-февралындагы №2 протокол бекитилсин.
2. Бириккен Сүймонкул Чокморов айыл аймагынын Сүймөнкул Чокморов айылдык кеңешинин Магомедов Аслан Магомед Алиевич төраганын орун басары болуп шайланган деп таанылсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырам.
2026-жылдын 19-августундагы https://gagsmsu.kg/wp-content/uploads/2026/08/2024-%D0%B6.%D1%82%D0%BE%D0%BA%D1%82%D0%BE%D0%BC-%E2%84%962.pdf расмий сайтында жарыяланды
ТӨРАГА | Мажитов Н.Б. |