СҮЙМОНКУЛ ЧОКМОРОВ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
Бириккен Сүймонкул Чокморов айылдык кенешинин уюштуруу сессиясы
2024-жылдын 20 -февралы № 4
Сүймөнкул Чокморов айыл аймагынын айылдык кеңеши мекемесинин
Жобосу жөнүндө
“Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-декабрындагы №370 Жарлыгын, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 7-февралындагы № 24 Жарлыгынын негизинде
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Аламудун районунун Сүймөнкул Чокморов айыл аймагынын айылдык кеңеши мекемесинин Жобосу тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Жоопту катчы тиркемени каттоого алсын жана юридикалык жак деп таанууга Кыргыз Республикасынын Юстиция Министрлигине каттатсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырам.
2026-жылдын 19-августундагы https://gagsmsu.kg/wp-content/uploads/2026/08/2024-%D0%B6.-%D1%82%D0%BE%D0%BA%D1%82%D0%BE%D0%BC-%E2%84%964.pdf расмий сайтында жарыяланды
ТӨРАГА | Мажитов Н.Б. |