Загрузка документа…
МИҢ-БУЛАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Мин-Булак айыл аймагынын айылдык Кеңешинин кезектеги сессиясынын
2026-жылдын 09-апрели № 130
2025-жыл үчүн бюджеттин аткарылышы жана аймактын социалдык-экономикалык өнүгүүсү жөнүндө айыл өкмөт башчысынын отчету жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамына ылайык, 2026-жылдын 3-апрелиндеги бюджет, финансы, инвестициялар жана гранттык долбоорлор боюнча туруктуу комиссиянын корутундусунун негизинде, Мин-Булак айыл өкмөтүнүн башчысынын 2025-жыл үчүн жергиликтүү бюджеттин аткарылышы жана аймактын социалдык-экономикалык өнүгүүсү тууралуу отчетун угуп жана сунушталган материалдарды талкуулап, Мин-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин сессиясы токтом кылат:
1. Мин-Булак айыл өкмөтүнүн башчысынын 2025-жыл үчүн жергиликтүү бюджеттин аткарылышы жана аймактын социалдык-экономикалык өнүгүүсү тууралуу отчету канааттандырарлык деп табылсын.
2. Ушул токтом мамлекеттик каттоодон өткөрүлүп, расмий жарыялансын.
3. Ушул токтомдун көчүрмөсү Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин аймактык башкармалыгына Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жөнөтүлсүн.
4. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.
5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо айылдык кеңештин бюджет, финансы, инвестициялар жана гранттык долбоорлор боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
| Н.Б.Асаналиев |