Загрузка документа…
МИҢ-БУЛАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕНЕШИ
ТОКТОМУ
Мин-Булак айыл аймагынын айылдык Кеңешинин кезектеги сессиясынын
2026-жылдын 09-апрель № 131
Мин-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2026-жылдын 17-декабрындагы “Мин-Булак айыл аймагынын Кеңешинин туруктуу комиссияларынын тизмесин, сандуу курамын бекитүү жана мүчөлөрүн шайлоо жөнүндө” №7 токтомуна өзгөртүү жана толуктоо киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 20-июлундагы №241 «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Мыйзамына, Мин-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин иш регламентине ылайык, айылдык кеңештин жаңы төрагасы жана анын орун басарлары шайлангандыгына байланыштуу, Мин-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин сессиясы токтом кылат:
1. Мин-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2026-жылдын 17-декабрындагы №7 “Туруктуу комиссиялардын тизмесин, алардын сандык курамын бекитүү жана туруктуу комиссиялардын мүчөлөрүн шайлоо жөнүндө” токтомунун 2-тиркемесине төмөнкүдөй өзгөртүү жана толуктоо киргизилсин:
1.1. Токтомдун 2-тиркемеси төмөнкү редакцияда баяндалсын:
1. Этика, регламент жана мандат боюнча туруктуу комиссиянын курамы:
Саркулов Баялы Кадырбаевич
Молода Софиян Беказовна
Джумабекова Райгул Совхозовна
2. Бюджет, финансы, инвестициялар жана гранттык долбоорлор боюнча туруктуу комиссиянын курамы:
Иманалиева Айымжан Тургуналыевна
Булазова Гульнара Токтомкуловна
Бейшебек уулу Улан
Жээнтаева Гульмира Рыспаевна
Исхаков Хамиз Ибрагимович
3. Билим берүү, саламаттык сактоо, социалдык-маданий маселелер, спорт жана жаштар иштери боюнча туруктуу комиссиянын курамы:
Мамашев Асылбек Анарбекович
Колоева Бактыгуль Раимбековна
Исмаев Ахмет Арзиевич
Керимбекова Эльнора Жумалыевна
Маслянов Мухамед Идрисович
4. Агрардык-жер маселелери, сугат суусу, жайыттар жана мал чарбачылыгы боюнча туруктуу комиссиянын курамы:
Шамуза Сулейман Харсанович
Асанов Тагай Талайбекович
Сатаров Тимур Кашкаевич
Арбуду Шамиль Керимович
Муваза Сульмане Хусеевич
5. Өнөр жай, транспорт маселелери, чакан жана орто бизнести өнүктүрүү, суу ресурстары (ичүүчү жана техникалык) жана коомдук тартип (ДНД, ДПД, ӨКМ) боюнча туруктуу комиссиянын курамы:
Неваза Карим Салихарович
Бугаев Ярослав Александрович
Багиев Юсуп Исхарович
Хахаза Рашид Ливазович
Хушанло Рабия Каримовна
6. Жеке турак жай куруу (ЖТК), муниципалдык менчиктеги жер тилкелерин берүү жана сатуу боюнча туруктуу комиссиянын курамы:
Ясыров Арсмане Сулейманович
Веремеева Наталья Николаевна
Сварова Ащьян Юсуровна
Глущенко Сергей Иванович
Боронбаев Токтосун Согушбекович
2. Ушул токтом мамлекеттик каттоодон өткөрүлүп, расмий жарыялансын.
3. Ушул токтомдун көчүрмөсү Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин аймактык башкармалыгына Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жөнөтүлсүн.
4. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.
5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо айылдык кеңештин төрагасынын орун басары А.К. Асадовага жүктөлсүн.
Төрага |
| Н.Б.Асаналиев |