Загрузка документа…
ОНБИР-ЖЫЛГА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ
2026-жылдын 30-январы № 2
Онбир-Жылга айыл өкмөтүнүн 2026-жылга жергиликтүү бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүмдөрүн жана 2027–2028-жылга жергиликтүү бюджеттин болжомолун бекитүү жөнүндө
Онбир-Жылга айылдык кеңешинин I чакырылышынын IX сессиясы Онбир-Жылга айыл өкмөтүнүн экономика жана каржы бөлүмүнүн башчысы Жеңишбекова Гульмиранын 2026-жылга жергиликтүү бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүктөрү, ошондой эле 2027–2028-жылдарга жергиликтүү бюджеттин болжомолу жөнүндө маалыматын угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 78 жана 102-беренелерин, ошондой эле Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 34-беренесин жетекчиликке алып, Онбир-Жылга айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Онбир-Жылга айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджети атайын каражаттарын кошкондо 2026-жылга 29 495,1 (жыйырма тогуз миллион төрт жүз токсон беш миң бир жүз) сом өлчөмүндө бекитилсин. Анын ичинде: жергиликтүү бюджет – 17 210,3 (он жети миллион эки жүз он миң) сом; атайын каражат – 2 866,3 (эки миллион сегиз жүз алтымыш алты миң үч жүз ) сом; теңдөөчү грант – 9 418,5 (тогуз миллион төрт жүз он сегиз миң беш жүз) сом. 2027-жылга болжомолу – 21 690,6 (жыйырма бир миллион алты жүз токсон миң алты жүз ) сом; 2028-жылга болжомолу – 23 455,6 (жыйырма үч миллион төрт жуз элүү беш миң алты жүз) сом (тиркеме №1, №2); киреше кварталдык бөлүштүрүү (тиркеме №3) бекитилсин.
2. Жергиликтүү бюджеттин чыгаша бөлүмүнүн 2026-жылдагы 29 495,1 (жыйырма тогуз миллион төрт жүз токсон беш миң бир жүз) сом каржылоодо биринчи кезекте корголгон беренелер (айлык маяналар, социалдык фондко чегерүүлөр, бала бакчанын тамак-ашы), коммуналдык тейлөөлөр жана көмүр сатып алуу, андан тышкары карыздарын төлөө каралсын.
3. Жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгү аткарылбай калса же ашыгы менен аткарылса, райондук финансы башкармалыгынын макулдугу менен бюджеттик комиссиянын отурумунда каралып, киреше жана чыгаша бөлүмүнө корректировка киргизилсин.
4. Жергиликтүү бюджеттин чыгаша бөлүгүн каржылоодо айыл өкмөтүнүн муктаждыгына байланыштуу бөлүмдөн бөлүмгө, беренеден беренеге жылдырылып берилсин.
5. Жергиликтүү бюджет боюнча 2026-жылга карата кассалык акча жүгүртүүсү райондук казына бөлүмүндө 50,0 (элүү ) миң сом өлчөмүндө бекитилсин.
6. Экономикалык кырдаал өзгөргөн учурларда бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүктөрү боюнча план квартал сайын такталсын.
7. Коммуналдык кызматтар боюнча коюлган ченем катуу сакталсын.
8. Бюджеттин аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн башчысына жүктөлсүн.
9. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.
10. Токтом мамлекеттик каттоо үчүн Юстиция министрлигинин аймактык бөлүмүнө жөнөтүлүп, мамлекеттик тилде жарыялансын.
11. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө экономика жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
12. Ушул токтом кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага |
| Н.Анарбаев |