Загрузка документа…
ОНБИР-ЖЫЛГА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ
2026-жылдын 30-январы № 6
Щвецария Өкмөтү тарабынан каржыланган «Жергиликтүү денгелде кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу» доолборунун алкагында дараметти жогорулатуу багытында келип түшкөн каражаты жөнүндө
Швецария Өкмөтү тарабынан каржыланган «Жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу» доолборунун алкагында дараметти жогорулатуу үчүн грант катары берилген акча каражатын 2026-жылга бекитилген жергиликтүү бюджетке киргизип жана чыгымдоолорун туура пайдалануу максатында, Кыргыз Республикасынын бюджеттик кодексинин 48-беренесинин 15-пунктун, 18,78-беренелерин “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү Мыйзамынын 34-беренесин жетекчиликке алып, Онбир-Жылга айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Швецария Өкмөтү тарабынан каржыланган «Жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу» доолборунун алкагында дараметти жогорулатуу үчүн грант катары келген 1051 500 (бир миллион элүү бир миң беш жүз) сом акча каражаты Онбир-Жылга айыл өкмөтүнүн 2026-жылга бекитилген бюджетине кириштелсин.
2. Онбир-Жылга айыл өкмөтүнүн 2026-жылга бекитилген бюджетине киргизилген 1051 500 (бир миллион элүү бир миң беш жүз) сом акча каражаты Онбир-Жылга айыл өкмөтүнө унаа (портер) сатып алуу жана айыл өкмөт адистерине дараметин жогорулатуу үчүн чыгымдалсын.
3. Чүй райондук финансы башкармалыгынын Швецария Өкмөтү тарабынан каржыланган дареметти жогорулатуу үчүн грант катары келген 1051 500 (бир миллион элүү бир миң беш жүз) сом акча каражатын мамлекеттик кызмат бөлүмүнүн атайын эсептик счетунун тиешелүү беренелерине кошумча бекитилип берүү жагы каралсын.
4. Ушул токтомдун аткаруу жагы Онбир-Жылга айыл өкмөтүнүн каржы-экономика бөлүмүнүн башчысы Г.Ж.Женишбековага тапшырылсын.
5. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.
6. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Онбир-Жылга айылдык Кеңешинин экономика жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
7. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырам.
Төрага |
| Н.Анарбаев |