Загрузка документа…
ОНБИР-ЖЫЛГА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ
2026-жылдын 18-марты № 7
Онбир-Жылга айыл аймагындагы Жеңиш паркына Сулайманов Абдиметалип ысымын ыйгаруу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 25-мартындагы № 149 токтому менен бекитилген "Кыргыз Республикасында географиялык объекттерди атоо, кайра атоо, географиялык аталыштарды эсепке алуу жана каттоо тартиби жөнүндө” жобосуна ылайык, 2026-жылдын 19-февралындагы Онбир-Жылга айылдык кеңеши тарабынан өткөрүлгөн элдик жыйындын жыйынтыгын жана айыл тургундарынын макулдугун, карап чыгып Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө мыйзам талаптарын жетекчиликке алып, Онбир-Жылга айылдык кеңеши токтом кылат;
1. Онбир-Жылга аймагында жайгашкан Жеңиш паркына “Сулайманов Абдиметалип” атындагы парк деген аталыш ыйгарылсын.
2. Паркка ыйгарылган аталышты тиешелүү документтерге киргизүү жана көрнөк тактай орнотуу милдети Онбир-Жылга айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырам.
Төрага |
| Н.Анарбаев |