Загрузка документа…
ОНБИР-ЖЫЛГА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ
2026-жылдын 18-марты № 8
Онбир-Жылга айылындагы курулуп жаткан спорт зал үчүн жер тилкесине макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын жер кодексинин 21, 30, 82, 83-беренелерине жана “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 27-беренесин жетекчиликке алып, жана Онбир-Жылга айыл өкмөтүнүн сунушун карап жана талкуулап, демөөрчүлөр тарабынан башталып, учурда жергиликтүү бюджеттин каражаттарынын эсебинен бүткөрүлүп жаткан спорт залдын курулушу боюнча маселени карап жана талкуулап, Онбир-Жылга айылдык кеңеши токтом кылат;
1. Онбир-Жылга айыл аймагында Д.Абдыкерим көчөсүнүн н/ж дарегинде курулуп жаткан жалпы аянты 540,0м2 спорт зал үчүн пайдаланып жаткан жер тилкесине макулдук берилсин.
2. Спорт зал жайгашкан жер тилкесин чек араларын тактоо жана тиешелүү документтерин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык тариздөө милдети Онбир-Жылга айыл өкмөтүнүн жерге жайгаштыруу боюнча башкы адиси Д.Кыдыралиевге жүктөлсүн.
3. Спорт залдын курулуш иштерин толук бутүрүү жана пайдаланууга берүү боюнча тиешелүү иштерди жүргүзүү Онбир-Жылга айыл өкмөтүнө тапшырылысын
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
5. Бул токтомдун көзөмөлдөөнү өзүмө калтырам
Төрага |
| Н.Анарбаев |