Загрузка документа…
ОНБИР-ЖЫЛГА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ
2026-жылдын 24-апрели № 13
Биргелешкен мониторинг жана баалоо тобун түзүү жөнүндө
Муниципалдык кызмат көрсөтүү боюнча маалыматтын ачыктыгын жана жалпыга жеткиликтүүлүгүн артыруу,жарандарга жана юридикалык жактарга муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жакшыртуу максатында, ”Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 49-беренесин жетекчиликке алып, жана 2024-жылдын 27-декабрындагы №01-25/352 “Биргелешкен мониторинг жана баалоо топтору жөнундө Типтүү Жобону бекитүү жөнүндөгү” Буйругунун алкагында Кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу Планында белгиленген кызматтардын аткарылуусуна баа берүү жана көзөмөлдө жүргүзүү үчүн Биргелешкен Мониторинг жана Баалоо тобун түзүү максатында; Онбир-Жылга айылдык кеңеши токтом кылат:
1.Биргелешкен мониторинг жана баалоо тобу (мындан ары БМжБ тобу) төмөнкү курамда түзүлсүн:
-Бектурова Роза-төрайым
-Ибраева Эльмира - Онбир-Жылга айыл өкмөтүнүн кызматкери-катчы
-Кудайбергенова Азиза –депутат
-Эсенкул уулу Нурбек-депутат
-Бейшенов Жайнарбек –Маданият Онбир-Жылга, Кайырма айылдарынын айыл башчысы
Шалпыков Уланбек- Прогресс-Арал айылдарынын айыл башчысы
-Борчонов Азамат-Шамшы, Кош-Кашат,Чоң-Жар, Карагул айылдарынын айыл башчысы
-Айбек кызы Аида-АДК мүчөсү
-Өзүбекова Гульмира АДК мүчөсү
-Мамбеталиев Абакир Шамшы – айылынын тургуну
-Айылчиев Эдилбек -Кайырма айылынын тургуну
2.Биргелешкен мониторинг жана баалоо жүргүзүү жөнүндө Типтүү Жобо кабыл алынсын.
3.Жогорудагы түзүлгөн БМжБ тобу Типтүү Жобого ылайык айыл өкмөтүнүн чегинде аткарылып жаткан иштерге көзөмөл жүргүзүп, баа берүү жагы тапшырылсын;
4. Ушул Токтомду Чүй-Бишкек Юстиция башкармалыгынан каттодон өткөрүү боюнча тиешелүү иштер жүргүзүлсүн.
Төрага |
| Н.Анарбаев |