Загрузка документа…
ОНБИР-ЖЫЛГА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ
2026-жылдын 24-апрели № 14
Шамшы айылындагы Рысменде уулу Акмат атындагы орто мектептин чатырын калыбына келтирүү үчүн Кыргыз мамлекеттик камсыздандыруу мекемеси тарабынан түшкөн акча каражатын бюджетке кириштөө жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 115- беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Жергиликтүүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү Мыйзамынын 34- беренесин жетекчиликке алып, жана жергиликтүү кеңештин бюджеттик комиссиясынын корутундусунун негизинде Шамшы айылындагы Рысменде уулу Акмат атындагы орто мектептин чатырын шамал учуруп кеткендигине байланыштуу, келтирилген чыгымдарды калыбына келтирүү максатында «Кыргыз мамлекеттик камсыздандыруу мекемеси» тарабынан 1196 482 (бир миллион жүз токсон алты миң төрт жүз сексен эки) сом өлчөмүндөгү камсыздандыруу каражаты айыл өкмөтүнүн эсебине которулгандыгын эске алып, Онбир-Жылга айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Кыргыз мамлекеттик камсыздандыруу мекемеси тарабынан түшкөн 1196 482 (бир миллион жүз токсон алты миң төрт жүз секен эки) сом өлчөмүндөгү каражат Онбир-Жылга айыл өкмөтүнүн бюджетине кириштелсин.
2. Кириштелген акча каражаты киреше жана чыгаша бөлүмдөрүнө бекитилсин.
3. Аталган каражат Шамшы айылындагы Рысменде уулу Акмат атындагы орто мектептин чатырын оңдоо жана калыбына келтирүү иштерине багытталсын.
4. Бөлүнгөн акча каражатын бюджетке кириштөө жана мыйзам чегинде каржылоо иштерин жүргүзүү Онбир-Жылга айыл өкмөтүнүн каржы-экономика бөлүмүнүн башчысы Г.Ж.Женишбековага милдеттендирилсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырам.
Төрага |
| Н.Анарбаев |