Загрузка документа…
ОНБИР-ЖЫЛГА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ
2026-жылдын 24-апрели № 15
Онбир-Жылга айыл өкмөтүнүн 2026-жылдын 1-январына калган эркин калдыкты бекитүү жөнүндө
Онбир-Жылга айыл кеңешинин чакырылышынын сессиясында Онбир-Жылга айыл өкмөтүнүн каржы-экономика бөлүмүнүн башчысы Женишбекова Гульмиранын маалыматын угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын бюджеттик кодексинин 102-беренесине ылайык жана Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 31-беренесине ылайык 2026-жылдын 1-январына карата эркин калдыкты бекитүү боюнча Онбир-Жылга айыл кеңеши токтом кылат:
1. Онбир-Жылга айыл өкмөтүнүн 2026-жылдын 1-январына карата түзүлгөн 381,5 (үч жүз сексен бир миң беш жүз) сом эркин калдыгы төмөнкү чыгаша беренесине багытталсын.
“Билим берүү” бөлүмү боюнча 22211100 “Учурдагы оңдоо иштери” – 381,5 (үч жүз сексен бир миң беш жүз) сом.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Онбир-Жылга айыл өкмөтүнүн каржы-экономика бөлүмүнүн башчысы Г.Женишбековага жүктөлсүн.
3. Токтомду көзөмөлдөөнү өзүмө калтырам.
Төрага |
| Н.Анарбаев |