Загрузка документа…
1-37 тиркемелер
(Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
2026-жылдын 8-сентябрындагы
№ 604 токтомуна)
1-тиркеме
Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Стандартташтыруу жана метрология борборунун кызматкерлеринин кызматтык маяналарынын өлчөмдөрүн аныктоодо колдонулуучу кызматтык маяналарга эселөө коэффициенттери
№ | Кызмат орундарынын аталышы | Эселөө коэффициенттери |
1 | Директор | 4,50 |
2 | Директордун орун басары | 4,25 |
3 | Башкармалыктын начальниги | 3,95 |
4 | Бөлүмдүн башчысы | 3,70 |
5 | Сектордун, лабораториянын башчысы | 3,55 |
6 | Башкы адис, башкы инженер | 3,40 |
7 | Жетектөөчү адис, жетектөөчү инженер | 3,15 |
8 | Адис, инженер | 2,85 |
Эскертүү: Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Стандартташтыруу жана метрология борборунун кызматкерлерине төмөнкүлөр төлөнөт деп белгиленсин:
1) иштин татаалдыгы, сапаты, натыйжалары, кесиптик демилге көрсөткөндүгү жана ченемге салынбаган иш режими үчүн кызматтык маянасына 50 пайызга чейинки өлчөмдө үстөк;
2) иш жүзүндө иштеген убактысы үчүн 15 000 сом өлчөмүндө президенттик компенсациялык төлөм (бир штаттык бирдиктен көп эмес), ал өргүү акыларын, ден соолукту чыңдоого жөлөкпулдарды, он үчүнчү эмгек акыны, бийик тоолуу шарттарда жана алыскы барууга кыйын зоналарда жашагандыгы жана иштегендиги үчүн кошумча акыларды эсептөөдө эске алынбайт.
2-тиркеме
Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Кыргыз аккредитациялоо борборунун кызматкерлеринин кызматтык маяналарынын өлчөмдөрүн аныктоодо колдонулуучу кызматтык маяналарга
эселөө коэффициенттери
№ | Кызмат орундарынын аталышы | Эселөө коэффициенттери |
1 | Директор | 4,50 |
2 | Директордун орун басары | 4,25 |
3 | Бөлүмдүн башчысы | 3,95 |
4 | Сектордун башчысы | 3,80 |
5 | Башкы бухгалтер | 3,70 |
6 | Эксперт | 3,70 |
7 | Башкы адис | 3,40 |
8 | Жетектөөчү адис | 3,15 |
9 | Адис | 2,85 |
Эскертүү: Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Кыргыз аккредитациялоо борборунун кызматкерлерине төмөнкүлөр төлөнөт деп белгиленсин:
1) иштин татаалдыгы, сапаты, натыйжалары, кесиптик демилге көрсөткөндүгү жана ченемге салынбаган иш режими үчүн кызматтык маянасына 50 пайызга чейинки өлчөмдө үстөк;
2) иш жүзүндө иштеген убактысы үчүн 15 000 сом өлчөмүндө президенттик компенсациялык төлөм (бир штаттык бирдиктен көп эмес), ал өргүү акыларын, ден соолукту чыңдоого жөлөкпулдарды, он үчүнчү эмгек акыны, бийик тоолуу шарттарда жана алыскы барууга кыйын зоналарда жашагандыгы жана иштегендиги үчүн кошумча акыларды эсептөөдө эске алынбайт.
3-тиркеме
Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу «Адал-индустриясын өнүктүрүү боюнча борбор» мамлекеттик мекемесинин кызматкерлеринин кызматтык маяналарынын өлчөмдөрүн аныктоодо
колдонулуучу кызматтык маяналарга
эселөө коэффициенттери
№ | Кызмат орундарынын аталышы | Эселөө коэффициенттери |
1 | Директор | 6,80 |
2 | Директордун орун басары – бөлүмдүн башчысы | 6,45 |
3 | Сектордун башчысы | 5,20 |
4 | Башкы бухгалтер, юрист | 5,20 |
5 | Улук эксперт | 4,40 |
6 | Эксперт | 3,60 |
7 | Адис | 2,85 |