ТОКМОК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
ТОКМОК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН
VI ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН XXIII КЕЗЕКCИЗ СЕССИЯСЫ
2026-жылдын 5-октябры № 151/23-6
Кезектеги V Элдик Курултайга делегаттарды шайлоо боюнча Токмок шаарында бөлүнгөн бөлүктөрдө жарандардын жыйындарын жана жергиликтүү коомдоштуктун жыйынын өткөрүү жөнүндө
2026-жылдын 03-сентябрындагы №309 Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н.Жапаровдун “Кезектеги V Элдик Курултайды өткөрүү жөнүндө” Жарлыгын,2026-жылдын 22-сентябрындагы Кезектеги V Элдик Курултайды өткөрүү, делегаттарды шайлоо жана координациялоо боюнча уюштуруу комитетинин жыйналышынын №1 протоколун аткаруу максатында, Токмок шаардык кеңешинин мандат, депутаттардын этикасы жана өз алдынча башкарууну түзүү боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2026-жылдын 1‑октябрындагы отурумунун №11 протоколунун негизинде, ошондой эле Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” Мыйзамдарын жана Токмок шаардык кеңешинин Регламентин жетекчиликке алуу менен, Токмок шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2026-жылдын 24-октябрында Токмок шаарынын жергиликтүү коомдоштуктун жыйыны чакырылсын.
2. Аныкталсын:
-өтүүчү жер – Токмок шаарынын мэриясынын чоң залы;
-өткөрүү убактысы – саат 10:00дө.
3. Жергиликтүү коомдоштуктун жыйынына катышуучу жарандардын саны – 200 адам деп белгиленсин.
4. Токмок шаарынан кезектеги V Элдик Курултайга делегаттарынын саны – 4 адам деп белгиленсин.
5. Токмок шаарында бөлүнгөн бөлүктөрдө жарандардын жыйындарынын графиги 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
6. Токмок шаарында бөлүнгөн бөлүктөрдө жарандардын жыйындарын өткөрүүгө жооптуу Токмок шаардык кеңешинин депутаттарынын тизмеси 2-тиркемеге ылайык бекитилсин.
7. Жыйындарды уюштуруу жана өткөрүү боюнча Жумушчу топтун курамы 3- тиркемеге ылайык бекитилсин.
8. Бул токтом Токмок шаардык кеңешинин сайтына жарыялансын.
9. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу, Токмок шаардык кеңешинин мандат, депутаттардын этикасы жана өз алдынча башкарууну түзүү боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
| М.Т. Тынайбеков |
|
| Токмок шаардык кеңешинин 2026-жылдын 05-октябрындагы №151/23-6 токтомуна 1-тиркеме |
Токмок шаарында бөлүнгөн бөлүктөрдө
жарандардын жыйындарынын графиги
№ п/п | Шайлоо участогунун аталышы | Өтүүчү жери | Датасы | Өткөрүүнүн убагы | Катышуучулардын саны |
Батыш шайлоо округу | |||||
1 | Картон фабрикасы | №11 ЖББОМЛ Жыйын залы | 08.10.2026 | Саат 16:00 | 13 |
№11 жалпы билим берүүчү орто мектеп-лицейи | 10 | ||||
2 | №1 жалпы билим берүү мектеби | №1 ЖББМ | 08.10.2026 | Саат 18:00 | 12 |
3 | №6 жалпы билим берүү мектеби | №6 ЖББМ | 09.10.2026 | Саат 16:00 | 12 |
4 | №2 жалпы билим берүү мектеби | №2 ЖББМ | 09.10.2026 | Саат 18:00 | 13 |
| БАРДЫГЫ: |
|
|
| 60 |
Оорукана шайлоо округу | |||||
5 | Агроөнөр-жай колледжи | Медициналык колледж Жыйын залы | 12.10.2026 | Саат 14:00 | 6 |
Медициналык колледж | 12 | ||||
6 | №23 кесиптик лицей | №23 кесиптик лицей | 12.10.2026 | Саат 16:00 | 7 |
7 | Республ. маданият колледжи | №3 ЖББМ Жыйын залы | 12.10.2026 | Саат 18:00 | 11 |
№3 жалпы билим берүү мектеби | 10 | ||||
| БАРДЫГЫ: |
|
|
| 46 |
Борбордук шайлоо округу | |||||
8 | ДЭП №954 | ДЭП №954 Жыйын залы | 13.10.2026 | Саат 11:00 | 8 |
ОСТО Авто мектеби | 5 | ||||
9 | Индустралдык-педагогикалык колледжи | Индустралдык-педагогикалык колледжи | 13.10.2026 | Саат 14:00 | 8 |
10 | №12 жалпы билим берүү мектеби | №12 ЖББМ | 13.10.2026 | Саат 16:00 | 12 |
11 | БАЭУ (МУЦА) | БАЭУ | 13.10.2026 | Саат 18:00 | 10 |
| БАРДЫГЫ: |
|
|
| 43 |
Өнөр-жай шайлоо округу | |||||
12 | № 8 жалпы билим берүү мектеби | № 8 ЖББМ | 14.10.2026 | саат 11:00 | 13 |
13 | № 9 жалпы билим берүү мектеби | № 9 ЖББМ Жыйын залы | 14.10.2026 | саат 14:00 | 10 |
АК «Касиет» | саат 16:00 | 12 | |||
14 | № 7 жалпы билим берүү мектеби | № 7 ЖББМ Жыйын залы | 14.10.2026 | саат 18:00 | 10 |
№ 4 толук эмес орто мектеби | 6 | ||||
| БАРДЫГЫ: |
|
|
| 51 |
| ЖАЛПЫ: |
|
|
| 200 |
Жооптуу катчы |
| Ч.Ж.Муталипова |
|
| Токмок шаардык кеңешинин 2026-жылдын 05-октябрындагы №151/23-6 токтомуна 2-тиркеме |
Токмок шаарында бөлүнгөн бөлүктөрдө жарандардын жыйындарын өткөрүүгө жооптуу Токмок шаардык кеңешинин депутаттарынын тизмеси
№ п/п | Шайлоо участогунун аталышы | Чогулуштардын өтүүчү жери | Чогулуштардын датасы | Жооптуу депутаттар |
Батыш шайлоо округу | ||||
1 | Картон фабрикасы | №11 ЖББОМЛ Жыйын залы | 08.10.2026 | Супумурзаев Б.Д., Именходжаева Ф.Б. |
№11 жалпы билим берүүчү орто мектеп-лицейи | Раимов Б.Ш., Лажаров Т.О.
| |||
2 | №1 жалпы билим берүү мектеби | №1 жалпы билим берүү мектеби | 08.12.2026 | Шамшибеков А.Ш., Айтышева Т.К. |
3 | №6 жалпы билим берүү мектеби | №6 жалпы билим берүү мектеби | 09.10.2026 | Исаков И.Р., Алимова М.Т. |
4 | №2 жалпы билим берүү мектеби | №2 жалпы билим берүү мектеби | 09.10.2026 | Люшанло Ш.А. Бабушкина Н.В. |
Оорукана шайлоо округу | ||||
5 | Агроөнөр-жай колледжи | Медициналык колледж Жыйын залы | 12.10.2026 | Жаркинбаев Э.Б.
|
Медициналык колледж | Касыгулов Н.Б., Жээналиев М.Ж. | |||
6 | Кесиптик лицей №23 | №23 кесиптик лицей | 12.10.2026 | Ваншу А.Ю., Арлиев Р.А. |
7 | Республ. маданият колледжи | №3 орто мектеби Жыйын залы | 12.10.2026 | Маликов А.Т., Джетимишов С.Ж. |
№3 жалпы билим берүү мектеби | Юнусов Р.М., Лавринович О.В. | |||
Борбордук шайлоо округу | ||||
8 | ДЭП №954 | ДЭП №954 Жыйын залы | 13.10.2026 | Лулаков Р.В., Дарбекова А.К., Исаев Ч.К., Сексенбаев А.У. |
ОСТО Авто мектеби | ||||
9 | Индустралдык-педагогикалык колледжи | Индустралдык-педагогикалык колледжи | 13.10.2026 | Каптагаева Г.Э., Талантов У.Т. |
10 | №12 жалпы билим берүү мектеби | №12 жалпы билим берүү мектеби | 13.10.2026 | Сыдыкова Ч.С., Быкова Н.А. |
11 | БАЭУ (МУЦА) | БАЭУ | 13.10.2026 | Тынайбеков М.Т., Абдылас Ж. |
Индустриалдык шайлоо округу | ||||
12 | № 8 жалпы билим берүү мектеби | № 8 жалпы билим берүү мектеби | 14.10.2026 | Исабеков Ч.А., Сымыратов А.А., Мааткеримова Н.М. |
13 | № 9 жалпы билим берүү мектеби | № 9 жалпы билим берүү мектеби Жыйын залы | 14.10.2026 | Шерембеков М., Казыбек у. А., Ниязбек у. Н., Нурлан уулу Б. |
АК «Касиет» | ||||
14 | № 7 жалпы билим берүү мектеби | № 7 жалпы билим берүү мектеби Жыйын залы | 14.10.2026 | Иманалиев М.С., Дунганова Ф.Т. |
№ 4 толук эмес орто мектеби | Маметжанова А.К., Алиев У.А. | |||