Редакцияот 06.10.2026
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫЗЫЛ-ОКТЯБРЬ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН КЫЗЫЛ-ОКТЯБРЬ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

 

 

2026-жылдын 6-октябры № 1/22-95

 

Кошумча смета бекитүү жөнүндө

 

Айыл чарба жерлерине мүлк салыгы боюнча максаттуу трансферт түрүндө түшкөн каражаттарды Кызыл-Октябрь айылдык кенеши карап талкуулап, киреше чыгаша бөлүгүн тактоо боюнча

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнүн негизги эсеп счетундагы киреше бөлүгү 2026-жылдын 4-кварталында 13321200 “ Максаттуу трасферттер” ” элементин 2199,4 миң сомго көбөйтүлсүн.

2. Чыгаша бөлүгүнүн негизги эсеп счетунан жалпы 2199,4 миң сомго көбөйтүлсүн:

-“ТЖК” 70629 бөлүмүнүн негизги эсеп счетунун чыгаша бөлүгү 31113290 элементи 2199,4миң сомго Бишкек-Торугарт трассага Кемин шаарынан-Круговойго, Ак-Бекет айылындагы трассага күн энергиясы менен орнотулган жарыктандырууга каралсын.

3.Токтомдун так аткарылышы айыл өкмөт башчысы Н.Ж.Сулаймановко жана социалдык экономикалык өнүгүү бөлүм башчысы Г.Ж. Мадиевага милдеттендирилсин.

4. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестирине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.

 

 

Кызыл-Октябрь айылдык

кеңешинин төрагасы

 

 

Карамырзаев А.Т.