Загрузка документа…
ШОПОКОВ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
XI-чакырылыштын 20 кезектеги сессиясы
2026-жылдын 7-августу № 106
Бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүгүн көбөйтүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Бюджет кодексинин 115 беренесинин негизинде, Шопоков шаардык кеңешинин бюджет, финансы, өнөр-жай, транспорт, ишкердик жана инвестициялар боюнча туруктуу депутаттык комиссиянын төрагасынын маалыматын угуп жана талкуулап Шопоков шаардык кеңеш токтом кылат:
1. 2026-жылдын 6-айындагы салык төлөмдөрүнүн ашыкча түшүүлөрүнүн негизинде негизги эсептин киреше бөлүгү 8000,0 миң сомго көбөйтүлсүн.
- салык агенти тарабынан төлөнүүчү киреше салыгы 8000,0 миң сом
2. Негизги эсептин чыгаша бөлүгү 8 000,0 миң сомго көбөйтүлсүн:
70629-бөлүм 2215- берене 1 000,0 миң сомго көбөйтүлсүн;
70911-бөлүм 2221- берене 1 000,0 миң сомго көбөйтүлсүн;
70911-бөлүм 3111- берене 1 500,0 миң сомго көбөйтүлсүн;
70823-бөлүм 2222- берене 100,0 миң сомго көбөйтүлсүн;
70921-бөлүм 3111- берене 3 400,0 миң сомго көбөйтүлсүн;
70921-бөлүм 3112- берене 500,0 миң сомго көбөйтүлсүн;
70825-бөлүм 2215- берене 500,0 миң сомго көбөйтүлсүн.
3. Токтомдун аткарылышы Шопоков шаарынын мэриясынын каржы-экономикалык секторунун башчысы Н.К. Сулпукоровага жүктөлсүн.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет, финансы, өнөр- жай, транспорт, ишкердик жана инвестиция боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
| А.Т. Бекболотов |