АРСТАНБАП - АТА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Арстанбап-Ата айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын
кезектеги II сессиясынын
2024-жылдын 19-апрелиндеги № 7
“Арстанбап-Ата таза суу жана тазалык” муниципалдык ишканасын түзүү жөнүндө”
“Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-декабрындагы “Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик - аймактык реформа жүргүзүү жөнүндө” №370 Жарлыгынын жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 7-февралындагы “Пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү мезгилинде Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын ишин уюштуруу жөнүндө” №52 токтомунун негизинде, Арстанбап, Кызыл-Ункур жана Могол айыл аймактары жана Талдуу-Булак айыл аймагынын Көк-Алма айылы бириктирилгендигине байланыштуу жана Кыргыз Республикасынын Жарандык Кодексинин 92,93 беренелерине ылайык, калкка кызмат көрсөөтүүнү ыкчам уюштуруу жана сапатын жакшыртуу максатында Арстанбап-Ата айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги II сессиясы“Арстанбап-Ата таза суу жана тазалык” муниципалдык ишканасын түзүү жөнүндө
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Арстанбап жана Могол айыл аймактарында калкка кызмат көрсөтүп жаткан “Могол таза суу” муниципалдык ишканасы жана “Арстанбап тазалык,таза суу” муниципалдык ишканасы жана Жайыт комитеттери бириктирилип “Арстанбап-Ата таза суу жана тазалык” муниципалдык ишканасы түзүлсүн.
2. Юридикалык жактын толук фирмалык аталышы:
- Мамлекеттик тилде: «Арстанбап-Ата таза суу жана тазалык” муниципалдык ишканасы.
- Расмий тилде: Муниципальное предприятие "Арстанбап-Ата таза суу жана тазалык"
Кыскартылган фирмалык аталышы:
- Мамлекеттик тилде: «Арстанбап-Ата таза суу жана тазалык» МИ.
- Расмий тилде: Пр-е «Арстанбап-Ата таза суу жана тазалык»
3. «Арстанбап-Ата таза суу жана тазалык” муниципалдык ишканасынын Уставы бекитилсин.
4. «Арстанбап-Ата таза суу жана тазалык” муниципалдык ишканасынын юридикалык дареги болуп, Кыргыз Республикасы, Базар-Коргон району Ооган-Талаа айылы Н.Укубаев көчөсү №16 болуп аныкталсын.
5. “Могол таза суу” муниципалдык ишканасы жана “Арстанбап тазалык, таза суу” муниципалдык ишканаларынын жана Жайыт комитеттеринин кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктөрүнүн инвентаризациясы жүргүзүлсүн жана “Арстанбап-Ата таза суу, тазалык” муниципалдык ишканасына чарба жүргүзүү укугунда өткөрүп берилсин.
6. Мыйзам чегинде өткөрүп берүү иш аракеттерин жүргүзүү Арстанбап-Ата айыл өкмөтүнүн башчысы А.Адишовго тапшырылсын.
7. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Арстанбап-Ата айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары А.Мамарасуловго жүктөлсүн.
Төрага |
Т.Көчөров
|