Редакцияот 19.04.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

АРСТАНБАП - АТА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Арстанбап-Ата айылдык кеңешинин VIII  чакырылышынын

кезектеги II сессиясынын

 

2024-жылдын 19-апрелиндеги № 10

 

“Арстанбап-Ата айылдык кеңешине кошумча штат бирдигин бекитүү жөнүндө”

 

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-декабрындагы №370 “Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын денгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү жөнүндө” Жарлыгынын, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин              2024-жылдын 7-февралындагы №52 “Пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү мезгилинде Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын ишин уюштуруу жөнүндө” токтомунун негизинде Арстанбап-Ата айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги II сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:      

 

1.        Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 7-февралындагы №52 “Пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү мезгилинде Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын ишин уюштуруу жөнүндө” токтомунун 5-тиркемесинин эскертүүсүн жетекчиликке алуу менен айылдык кеңештин штаттык санына “катчы-иш кагаздарын жүргүзүүчү” 1(бир) штат бирдиги жана “айдоочу” 1 (бир) штат бирдиги киргизилсин.

    

2. Айылдык кеңештин штаттык жүгүртмөсүнө киргизип, штат бирдигине ылайык айылык маянасын чегерүү Арстанбап-Ата айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы З.Укубаевага тапшырылсын.

   

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.

 

Төрага

 

                 Т.Көчөров