АРСТАНБАП - АТА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Арстанбап-Ата айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын
кезектеги II сессиясынын
2024-жылдын 19-апрелиндеги № 11
“Ооган-Талаа айылына жалпы дарыгерлер практикалык борборун ачуу жөнүндө”
Арстанбап-Ата айыл аймагынын башчысы А.Адишовдун Ооган-Талаа айылында курулуп жаткан заманбап ооруканага жалпы дарыгерлер практикалык борборун ачуу тууралуу маалыматын угуп жана талкуулап, Арстанбап-Ата айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги II сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Арстанбап-Ата айыл аймагынын Ооган-Талаа айылында курулуп жаткан оорукана Арстанбап айыл аймагынын жана Сузак районунун Кара-Көл айылынын тургундарына кызмат көрсөтүүсүн эске алып, жалпы дарыгерлер практикалык борбору болуп ачылсын.
2. Арстанбап-Ата айыл аймагынын Ооган-Талаа айылында курулуп жаткан ооруканасына жалпы дарыгерлер практикалык борборун ачуу жагы Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты Сактоо Министрлигинен суралсын.
3. Токтомдун негизинде тиешелүү иш аракеттерди жүргүзүү, токтомдун аткарылышын камсыздоо Арстанбап-Ата айыл өкмөтүнүн башчысы А.Адишовго милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө элге билим берүү, саламаттыкты сактоо, маданият жана жаштар менен иштөө боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы К.Жумабаевага жүктөлсүн.
Төрага |
Т.Көчөров
|