СҮЙМОНКУЛ ЧОКМОРОВ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
СҮЙМӨНКУЛ ЧОКМОРОВ АЙЫЛДЫК КЕНЕШИНИН
28- ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН 1- ОТУРУМУ
2024-жылдын 19-марты № 11
Сүймөнкул Чокморов айыл аймагынын Октябрь, Лубяное, Чуй
айылдарынын, Нур– Биримдик жаңы конушунун таштанды чыгаруу
үчүн коммуналдык тɵлɵм ченемдерин бекитүү боюнча
Сүймөнкул Чокморов айыл аймагынын Октябрь, Лубяное, Чуй айылдарынын, Нур - Биримдик жаңы конушунун таштанды чыгаруу үчүн 2024-жылга карата коммуналдык төлөм ченемдери боюнча талкуулап Сүймөнкул Чокморов айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Октябрь, Лубяное, Чуй айылдарынын, Нур – Биримдик жаңы конушунун таштанды чыгаруу үчүн ар бир кожолуктан 100 сом ай сайын чогултууга бекитилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү Жол, суу, коммуналдык иштер боюнча туруктуу комиссиясына жүктѳлсүн.
2026-жылдын 19-августундагы https://gagsmsu.kg/wp-content/uploads/2026/08/2024-%D0%B6.%D1%82%D0%BE%D0%BA%D1%82%D0%BE%D0%BC%E2%84%9611.pdf расмий сайтында жарыяланды
Төрага | Мажитов Н.Б. |