АРСТАНБАП - АТА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Арстанбап-Ата айылдык кенешинин VIII чакырылышынын кезексиз III сессиясы
2024-жылдын 28-апрединдеги № 5
“Арстанбап-Ата айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык өнүгүү программасына кирген иш-чараларды аткаруу үчүн 2024-жыл ичинде жазылган кичи долбоорлорду колдоого алуу жөнүндө”
Арстанбап-Ата айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык өнүгүү программасына кирген иш-чараларды аткаруу үчүн 2024-жыл ичинде жазылган кичи долбоорлорду колдоп берүү жөнүндө Арстанбап-Ата айыл аймагынын башчысынын орунбасары И.Чолпановдун маалыматын угуп жана талкуулап, Арстанбап-Ата айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз III сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Арстанбап-Ата айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык өнүгүү программасына кирген иш-чараларды аткаруу үчүн 2024-жыл ичинде жазылган кичи долбоорлор жактырылсын жана колдоого алынсын.
2. Ишке ашкан инвестициялык микродолбоорлордун акча каражаттары кошумча смета менен каралып чыгымдалсын.
3. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Арстанбап-Ата айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнө тапшырылсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө экономика, план, бюджет маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
Т.Көчөров
|