Редакцияот 28.04.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

АРСТАНБАП - АТА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Арстанбап-Ата айылдык кенешинин VIII чакырылышынын кезексиз III сессиясы

 

 

2024-жылдын 28-апрелиндеги  № 6

 

“ Муниципалдык менчикти инвентаризациялоо жөнүндө”

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын                  2-декабрКыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын              2-декабрындагы “Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жургүзүү жөнүндө” ПЖ№370 Жарлыгын, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 7-февралындагы    №52-токтомунун негизинде өткөрүлүп берген муниципалдык ишканалардын карамагындагы кыймылсыз мулктөрдүн жана товардык-материалдык товарлардын Арстанбап-Ата айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине так өткөрүүсүн камсыз кылуу максатында Арстанбап-Ата айылдык кенешинин VIII чакырылышын кезексиз III сессиясы 

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Административдик-аймактык реформанын алкагында бириктирилген Арстанбап, Кызыл-Ункур, Могол айыл өкмөттөрүнүн муниципалдык ишканаларынын карамагындагы кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктөрдүн, материалдык жана материалдык эмес активдердин, пассивдердин жана товардык-материалдык товарлардын Арстанбап-Ата айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине так өткөрүүсүн камсыз кылуу максатында төмөндөгүдөй курамда депутаттык комиссия түзүлсүн:

1. Мамадалиев Мурат- Мыйзамдуулук, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, регламент жана этика маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы, депутаттык комиссиянын төрагасы,

2. Базаркулов Кутманбек - депутаттык комиссиянын мүчөсү,

3. Шамшиев Рустам - депутаттык комиссиянын мүчөсү,

4. Арзыкулов Дөөлөт- депутаттык комиссиянын мүчөсү,

5. Нишанбай уулу Нурсултан- депутаттык комиссиянын мүчөсү.

 

2. Инвентаризация жүргүзүү жана жыйынтык актыларын 2024-жылдын 1-июлга чейин тапшыруу депутаттык комиссияга милдеттендирилсин.

 

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кенештин төрагасынын орун басары Ж.Абдухалиловго жүктөлсүн.

 

Төрага

 

Т.Көчөров

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Арстанбап-Ата айылдык Кеңешинин 2024-жылдын 28-майындагы кезексиз III сессиясынын №3-токтомуна

№1-тиркеме

 

 

 

 

 

Социалдык маселелер, билим жана маданият, саламаттыкты сактоо, жаштар менен иш жүргүзүү маселелери боюнча туруктуу комиссиянын 2024-жылга карата

Иш планы

 

№

Каралуучу иш пландар жана мазмуну

Аткаруу мөөнөтү

Кимдер даярдайт

1.

1.Окубай жөргөн балдарды мектепке тартуу боюнча иш чараларды жүргүзүү

2.Тоголок жетим жана мүмкүнчүлүгү чектелген, абалы оор болгон балдардын абалын кароо.

3.Айыл өкмөтү тарабынан социалдык тармакта аткарылган иштердин маалыматын угуу.

4.Той жана өлүмдөрдөгү ашыкча чыгымдарды жана ысырапкорчулукту жоюу жана жөнгө салуу

Ар квартал сайын

Депутаттык топ

2.

1.Жаштарга билим берүү жана жаштар менен иш алып баруу чаралары.

2.Билим берүү жана саламаттыкты сактоо мекемелеринде иштеп жаткан кызматкерлердин социалдык абалын кароо, билим денгээлин жогорулатуу боюнча иш чараларын кароо, маданият мекемелеринин жана кызматкерлеринин ишин жана иштоо тартибин кароо.

II- квартал

Депутаттык топ

3.

1.Мектептердин жана балдар бакчаларынын кезектеги ремонтун жүргүзүү, шашке чай берүү абалын текшерүү

2.Калктын саламаттыгын сактоо боюнча балдарга жугуштуу ооруларды алдын алууга эмдөөлөрдү жүргүзүү абалы.

3.Жаштар арасында спорттук мелдештер, маданият иш чараларды уюштуруунун жүрүшү жөнүндө

III- квартал

Депутаттык топ

4.

1.2024-жылына карата иш чаралардын өткөрүлүшүнүн абалын көзөмөлдөө.

2. Айылдык кенешинин аймагындагы билим берүү, саламаттыкты сактоо мекемелердин кышка даярдыгын көрүү жана маалыматын берүү.

3.Жакыр, жардамга муктаж үй-бүлөлөрдүн социалдык абалын жана аларга берүлүүчү жөлөк акча, материалдык жардамдардын берилүүсүнүн абалын кароо.

4.Гуманитардык жардамдарды критерийге ылайык берилүүсүн көзөмөлдөө.

IV- квартал

Депутаттык топ

 

 

Социалдык маселелер, билим жана маданият,

саламаттыкты сактоо, жаштар менен

иш жүргүзүү маселелери боюнча туруктуу

комиссиянын төрагасы:

 

 

 

 

                                К.Жумабаева 

 

 

 

 

 

 

 

 

Арстанбап-Ата айылдык Кеңешинин 2024-жылдын 28-майындагы кезексиз

III сессиясынын №3-токтомуна

  №2-тиркеме

 

 

 

 

Бюджет, экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик жана тышкы экономикалык байланыш маселелери боюнча туруктуу комиссиянын 2024-жылга карата

Иш планы

 

№

Каралуучу иш пландар жана мазмуну

Аткаруу мөөнөтү

Кимдер даярдайт

1

Арстанбап-Ата айыл өкмөтүнүн 2024-жылга карата түзүлгөн бюджетин талдоо жана сессияга алып чыгуу

I- квартал

Депутаттык топ

2

Арстанбап-Ата айыл аймагындагы мекемелердин жылдык маалыматын угуу жана көйгөйлдөрүн кароо.

II- квартал

Депутаттык топ

3

Инвестицияларды кароо жана аларды эффективдуу пайдалануусуна көмөк көрсөтүү

дайыма

Депутаттык топ

4

Экономикалык кылмыштуулук жана коррупцияга каршы күрөшүү.

Дайыма

Депутаттык топ

5

Арстанбап-Ата айыл өкмөтүндө өтүп жаткан тендерлерди көзөмөлдөө.

Дайыма

Депутаттык топ

6

Арстанбап-Ата айыл аймагында жайгашкан мекеме, иш-каналарга жана элге берилген бюджеттен каралган акча каражатын көзөмөлдөө.

Дайыма

Депутаттык топ

7

Аймактагы кичи жана орто бизнести өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүү

Дайыма

Депутаттык топ

8

Киреше булактарын көбөйтүүгө жолдорду кароо

Дайыма

Депутаттык топ

 

 

 

Бюджет, экономика, муниципалдык менчик,

инвестиция, ишкердик жана тышкы

экономикалык байланыш маселелери боюнча

туруктуу комиссиянын төрагасы:

 

                       Б.Койчуманова

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Арстанбап-Ата айылдык Кеңешинин 2024-жылдын 28-майындагы кезексиз

III сессиясынын  №3-токтомуна

  №3-тиркеме

 

 

 

 

Мыйзамдуулук, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, регламент жана этика маселелери боюнча туруктуу комиссиянын 2024-жылга карата

иш планы

№

Каралуучу иш-пландар жана мазмуну

Аткаруу мөөнөтү

Ким даярдайт

1

Коомдук тартипти сактоо жана алардын алдын алуу максатында иш алып баруу.

А) Мыйзамсыз спирттик ичимдиктердин сатуунун эрежелерин тартипке салуу.

Б)Түнкү рейдерди өткөрүүгө көмөктөшүү.

В)Коомдук жайларда жумуш убагында спирт ичимдигин ичип жүргөндөргө мыйзам чегинде административдик айып пулдарды салуу абалын кароо

 

дайыма

 

Туруктуу комиссия.

Участкалык инспектор.

2

Арстанбап-Ата айыл аймагында ар бир айылда түзүлгөн аксакалдар сотторунун жүргүзгөн иштери жөнүндө

Ар бир кварталда

Туруктуу комиссия

3

Айыл аймагындагы тартиптин сакталышы боюнча милициянын участкалык инспекциясынын жүргүзгөн иштери жөнүндө.

А)Милициянын участкалык инспекциясынын маалыматтарын  угуу.

 

Ар бир кварталда

 

Туруктуу комиссия.

Участкалык инспектор

4

Айыл аймагынын алдындагы коомдук тартипти бузгандар менен профилактикалык иш алып баруу жана жекече иш жүргүзүү.

 

1-4 квартал

 

Туруктуу комиссия

5

Коомдук тартипти бузгандарды Аксакалдар соту жана Депутаттар аркылуу чечүүнү колго алуу жана чечүүгө мүмкүнчүлүк болбосо гана ички иштер органына кайрылуу иштерин жүргүзүү боюнча иш алып баруу.

 

 

1-4 квартал

 

 

Туруктуу комиссия

6

Туруктуу комиссиянын аткарган иштери жөнүндө жылдык отчетун угуу.

Жыл аягында

Туруктуу комиссия

 

 

 

Мыйзамдуулук, укук тартибин сактоо,

жарандардын укугун жана кызыкчылыгын

коргоо, регламент жана этика маселелери

боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы

 

                М.Мамадалиев

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Арстанбап-Ата айылдык Кеңешинин 2024-жылдын 28-майындагы кезексиз

III сессиясынын  №3-токтомуна

  №4-тиркеме

 

 

 

 

Жер маселелери, токой чарба, айыл чарба жана экология,архитектура жана курулуш маселелери  боюнча туруктуу комиссиянын 2024-жылга карата

иш планы

 

№

Каралуучу иш пландар жана мазмуну

Аткаруу мөөнөтү

Ким даярдайт

1.

Токойду сактоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иштеринин абалы жана зыянкечтер (малак курт ж.б.) менен күрөшүүнүн жүрүшү жөнүндө.

      

2-квартал

 

Депутатык топ

2.

 

 

 

3.

Ижарага берилген жерлердин айдалбай калышы жана зыяндуу ото чөптөрдөн арылуу, которуштуруп айдоо боюнча иш алып баруу.

Жайыт комитетинин жайыт пайдаланууну уюштуруу жана жайыттардын структурасын жакшыртуу, төлөмдөрүнүн топтолушу жана чыгымдалышы боюнча маалыматын угуу.

      

 

 

3-квартал

 

 

 

Депутаттык топ

4.

 

 

 

5.

Айыл аймагындагы социалдык абалы начар үй-бүлөөлөргө жана социалдык объектерге кышка карата отун менен камсыз болуу абалы жөнүндө.

Малдардын асыл тукумдуулугун арттыруу, сандан сапатка өтүү боюнча ветсервистердин жүргүзүп жаткан иштеринин абалы жөнүндө.

       

 

 

4-квартал

 

 

 

Депутаттык топ

 

 

Жер маселелери, токой чарба, айыл чарба

жана экология,архитектура жана

курулуш маселелери  боюнча туруктуу

комиссиянын   төрагасы    

 

                            М.Алибаев