АРСТАНБАП - АТА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Арстанбап-Ата айылдык кенешинин VIII чакырылышынын кезексиз III сессиясы
2024-жылдын 28-апрелиндеги № 8
“Чкалов айылындагы №28 А.Шеркулов атындагы орто мектебине окуу жабдууларын сатып алуу долбоору жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” мыйзамына ылайык, Арстанбап-Ата айыл аймагынын Чкалов айылындагы №28А.Шеркулов атындагы орто мектебине жабдууларды сатып алуу боюнча 2024-жылдын 15-майындагы элдик жыйындын №9-токтомунун негизинде Арстанбап-Ата айылдык Кеңешинин VIII -чакырылышынын кезексиз III сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Арстанбап-Ата айыл аймагынын Чкалов айылынын тургундарынын №28А.Шеркулов атындагы орто мектебине жабдууларын сатып алуу боюнча 2024-жылдын 15-майындагы элдик жыйындын №9-токтому бекитилсин.
2.Арстанбап-Ата айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык өнүгүү програмасына кирген иш-чараларды аткаруу үчүн Арстанбап-Ата айыл аймагынын Чкалов айылындагы №28 А.Шеркулов атындагы орто мектебине жабдууларын сатып алуу долбоорун ишке ашыруу колдоого алынсын.
3. Чкалов айылындагы №28 А.Шеркулов атындагы орто мектебине жабдууларын сатып алуу долбоорун ишке ашыруу максатында айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин эсебинен 300 781 (үч жүз миң жети жүз сексен бир) сом акча каражаты ажырытылып берилсин.
4. Долбоорду даярдоо жана Жалал-Абад областык өнүктүрүү фондуна тапшыруу жана ишке ашыруу айыл өкмөтүнүн тиешелүү адистерине милдеттендирилсин.
5.Токтомдун аткарылышынын камсыз кылуу айыл өкмөтүнүн башчысы А.Адишовго тапшырылсын.
6.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык Кеңештин төрагасынын орун басары А.Мамарасуловго жүктөлсүн.
Төрага |
Т.Көчөров
|