Редакцияот 28.04.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

АРСТАНБАП - АТА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Арстанбап-Ата айылдык кенешинин VIII чакырылышынын кезексиз III сессиясы

 

2024-жылдын 28-апрелиндеги  № 9

 

“Көк-Тонду айылындагы О.Арзыкулов көчөсүнө лоток орнотуу долборуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө”

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” мыйзамына ылайык, Арстанбап-Ата айыл аймагынын Көк-Тонду айылындагы О.Арзыкулов көчөсүнө лоток орнотуу долбооруна өзгөртүү киргизүү жөнүндө айыл өкмөтүнүн алдында түзүлгөгн техникалык комиссиянын №8-токтомунун негизинде Арстанбап-Ата айылдык Кеңешинин VIII -чакырылышынын кезексиз III сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:      

 

1.Арстанбап-Ата айыл аймагынын Көк-Тонду айылындагы О.Арзыкулов көчөсүнө лоток орнотуу долборуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө айыл өкмөтүнүн алдында түзүлгөн техникалык комиссиянын №8-токтому бекитилсин.

 

2.Арстанбап-Ата айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык өнүгүү програмасына кирген иш-чараларды аткаруу максатында Көк-Тонду айылындагы О.Арзыкулов көчөсүнө лоток орнотуу долборуна өзгөртүү киргизилсин.

 

3. Долбоорду даярдоо жана Жалал-Абад областык өнүктүрүү фондуна тапшыруу жана ишке ашыруу айыл өкмөтүнүн тиешелүү адистерине милдеттендирилсин.

 

5.Токтомдун аткарылышынын камсыз кылуу айыл өкмөтүнүн башчысы А.Адишовго тапшырылсын.

 

6.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык Кеңештин төрагасынын орун басары А.Мамарасуловго жүктөлсүн.

 

 

 

Төрага

 

Т.Көчөров