Редакцияот 14.08.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

АРСТАНБАП - АТА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

                                                                                                         

Арстанбап-Ата айылдык кенешинин VIII чакырылышынын

 кезексиз  V  сессиясы

 

2024-жылдын 14-августундагы  № 3

 

«Калктуу конуштун ичинде жайгашкан жер тилкелерин муниципалдык менчиктин реестрине киргизүү жөнүндө»

 

Арстанбап-Ата айыл аймагынын калктуу конуштарынын ичинде жайгашкан жер тилкелерин муниципалдык менчиктин реестрине киргизүү жөнүндөгү Арстанбап-Ата айыл өкмөтүнүн жер адиси А.Кайимовдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Арстанбап-Ата айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги V сессиясы

 

ТОКТОМ  КЫЛАТ:

 

1.    Арстанбап-Ата айыл аймагында жайгашкан калктуу конуштун ичиндеги муниципалдык менчигине киргизиле турган жер тилкелери тиркемеге ылайык айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигинин реестрине киргизилсин.

 

2.    Арстанбап-Ата айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигинин реестрине киргизилген жер тилкелерин мыйзамдаштырып берүү жагы жер ресурстары кызматынын Базар-Коргон филиалынан суралсын.

 

3.    Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Арстанбап-Ата айыл өкмөтүнүн башчысы А.Адишовго милдеттендирилсин.

 

4.    Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Арстанбап-Ата айылдык Кеңешинин төрагасынын орун басары А.Мамарасуловго тапшырылсын.

 

 

 

 

Төрага

 

 

Т.Көчөров