Редакцияот 14.08.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

АРСТАНБАП - АТА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Арстанбап-Ата айылдык кенешинин VIII чакырылышынын кезектеги V сессиясы

 

2024-жылдын 14-август  № 4

 

«Айыл аймагынын “Ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу жөнүндө»

 

Арстанбап-Ата айыл аймагынын Арстанбап айылынын тургундарынын сураныч катын жана айылдык кеңешинин депутаты А.Арзыкуловдун сунушун угуп жана талкуулап, Арстанбап-Ата айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги V сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Арстанбап-Ата айыл аймагынын социалдык инфраструктурасын чыңдоого, калкыбыздын социалдык-экономикалык абалын жакшыртууга багытталган маселелерди чечүүдө кошкон салымы үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Таалайбек Айтмаматович Масабировго Арстанбап-Ата айыл аймагынын “Ардактуу атуулу” наамы ыйгарылсын.

 

2. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу айыл өкмөтүнүн башчысы А.Адишовго тапшырылсын.

 

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Арстанбап-Ата айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары А.Мамарасуловго жүктөлсүн.

 

     

 

   Төрага

 

                                       Т.Көчөров