Редакцияот 14.08.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

АРСТАНБАП - АТА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Арстанбап-Ата айылдык кенешинин VIII чакырылышынын кезектеги V сессиясы

 

2024-жылдын 14-август  № 7

 

«Базар-Коргон райондук мамлекеттик администрациясынын активинин 2024-жылдын 13-августундагы №10 протоколдук тапшырмасын кароо жөнүндө»

 

 Базар-Коргон райондук мамлекеттик администрациясынын активинин 2024-жылдын 13-августундагы №10 протоколдук тапшырмасынын биринчи пункту жана Базар-Коргон райондук прокуратурасынын 2024-жылдын 15-июлундагы №24/166-07-11/1-00739 сандуу сунуштамасы менен таанышып, Арстанбап-Ата айыл аймагында жайгашкан жер тилкелерин муниципалдык менчиктин реестрине киргизүү жөнүндөгү Арстанбап-Ата айыл өкмөтүнүн башчысы А.Адишовдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Арстанбап-Ата айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги V сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

 

      1. Арстанбап-Ата айыл аймагынын Кара-Ой айылындагы Ит-Сийгек участкасында жайгашкан 600м2 жер тилкеси айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигинин реестрине киргизилсин.

 

2. Арстанбап-Ата айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигинин реестрине киргизилген жер тилкелерин мыйзамдаштырып берүү жагы жер ресурстары кызматынын Базар-Коргон филиалынан суралсын.

 

3. Жогоруда көрсөтүлгөн жер тилкесине укук тастыктоочу иш кагаздарын алуу айыл өкмөтүнүн башчысы А.Адишовко милдеттендирилсин.

 

4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Арстанбап-Ата айылдык Кеңешинин төрагасынын орун басары А.Мамарасуловго тапшырылсын.

 

 

   Төрага

 

                                       Т.Көчөров