Загрузка документа…
КОШ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
“Кош-Дөбө айылдык кеңештин кезектеги үчүнчү сессиясы”
2026-жылдын 31-июльундагы №3/1
“Кош-Дөбө айылдык кеңештин төрагасы Ч.Кадыркуловдун төрагалык кызматтан бошоо боюнча арызы жана жаңы төрага шайлоонун жыйынтыгы жөнүндө
Төрага шайлоо боюнча түзүлгөн эсептөө комиссиясынын 31.07.2026-жылдын №2-протоколун жана Эсептөө комиссиясынын төрагасынын маалыматын угуп айылдык кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кош-Дөбө айылдык кеңештин төрагасы Ч.Кадыркуловдун ээлеген төрагалык кызматтан бошоо боюнча жазган арызына макулдук берилип кабыл алынсын.
2. Ч.Кадыркуловдун Кош-Дөбө айылдык кеңешине төрагалык кылуу кызматы токтотулсун.
3. Эсептөө комиссиясынын Кош-Дөбө айылдык кеңештин төрагасын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндө 2026-жылдын №2-протоколу бекитилсин.
4. Карабаев Кубанычбек Давлеталиевич айылдык кеңештин төрагасы болуп шайлангандыгы таанылсын.
5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.
Төраганын орун басары К.Ызанов