Загрузка документа…
КОШ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
“Кош-Дөбө айылдык кеңештин кезектеги үчүнчү сессиясы”
2026-жылдын 31-июлундагы №3/2
“Кош-Дөбө айыл аймагынын “Ардактуу атуулу”, “Ак ниет кызматы үчүн” жана “Мыкты кызматкери”, наамдарын ыйгаруу жөнүндө”
Кош-Дөбө айылдык кеңештин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиянын 2026-жылдын 30-июлундагы №7 корутундусун жетекчилике алып
ТОКТОМ КЫЛАТ
1 Кош-Дөбө айыл аймагынын “Ардактуу атуулу” жөнүндө жобону бекитүү боюнча Кош-Дөбө айылдык кеңештин 2022-жылдын 27-январындагы №1/5 токтому жокко чыгарылсын.
2 Кош-Дөбө айыл аймагынын “Ардактуу атуулу”, “Ак ниет кызматы үчүн” жана “Мыкты кызматкери”, наамдарын ыйгаруу жөнүндө ЖОБО тиркемеге ылайык бекитилсин.
3 Токтом айыл өкмөттүн веб-сайтына жарыялансын.
4 Токтом кабыл алынган күндөн баштап күчүнө кирет.
5 Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага Ч.Кадыркулов
Тиркеме №1
Кош-Дөбө айылдык кеңешинин 2026-жылдын
31-июлундагы №3/2 токтому менен бекитилди
Кош-Дөбө айыл аймагынын “Ардактуу атуулу”, “Ак ниет кызматы үчүн” жана “Мыкты кызматкери”, наамдарын ыйгаруу жөнүндө ЖОБО
ЖАЛПЫ ЖОБО
1. Ушул Жобо Кош-Дөбө айыл аймагынын “Ардактуу атуулу”, “Ак ниет кызматы үчүн” жана “Мыкты кызматкери” наамдарынын укуктук статусун, сыйлагандардын укуктарын жана милдеттерин аныктайт.
2. “Ардактуу атуулу”, “Ак ниет кызматы үчүн” жана “Мыкты кызматкер” наамдары айыл аймактын жарандарын сыйлоонунжогорку формасы, айылдын социалдык-экономикалык өнүгүсүнө, интеллектуалдык жана рухий байлыктарын артырууга кошкон зор салымын, ошондой эле айыл аймактын коомдук –саясий, гуманитардык, кайрымдуулук жана башка иштердеги сиңирген эмгегин таануу болуп саналат.
3. Бул наамдар айыл аймакта жасаган өзгөчө эмгеги үчүн айыл аймакта жашабаган Кыргыз Республикасынын атуулдарына жана чет өлкөлөрдүн жарандарына да ыйгарылышы мүмкүн.
4. “Ардактуу атуулу”, “Ак ниет кызматы үчүн” жана “Мыкты кызматкер” наамына сунуштарды төмөнкүлөр киргизе алат:
--Айыл өкмөт:
--жергиликтүү кеңеш:
--эмгек коллективдери:
--коомдук уюмдар:
Сунуштар өтүнүч кат, кайрылуу, ж.б. документтер түрүндө айылдык кеңештин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына берилет, комиссия белгиленген тартипте наамды ыйгаруу боюнча отурумунда карап чыгат жана кабыл алат, буга байланыштуу материалдарды жана документтерди иликтейт, наамга көрсөтүлгөн талапкерлер жөнүндө маалыматтарды керек учурда кошумча суроо жүргүзөт. Талап кылынган учурда наамдарга көрсөтүлгөн талапкерди ал жөнүндө маселе каралуучу комиссиянын отурумуна чакырат.
Сунушка тиркелүүчү документтер:
--Өмүр баян:
--эмгек китепчесинин көчүрмөсү: (нотариустан күбөлөндүргөн).
--Эмгек жамаатынын протоколунун көчүрмөсү:
--паспортунун көчүрмөсү:
--Республикалык деңгээлдеги наамдар, сыйлыктар, Кыргыз Республикасынын Президентинин же Министрлер Кабинетинин Ардак грамотасынын көчүрмөсү:
--Соттолбогондугу жөнүндө тактама:
--Конкреттүү жасаган иш-аракеттери жана айылдын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө кошкон салымдары жөнүндө толук маалымат.
--жылдын жыйынтыгы менен ыйгарылуучу наамдарга документтер жылдын 1-декабрына чейин ал эми Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүнө карата берилүүчү наамдарга документтер жылдын 1-август күнүнө чейин кабыл алынат.
5. Кош-Дөбө айыл аймагынын “Ардактуу атуулу”, “Ак ниет кызматы үчүн” жана “Мыкты кызматкери” наамдары сыйлыктарына көрсөтүү боюнча документтерди караган социалдык боюнча туруктуу комиссия тарабынан каралып, берилген протоколунун корутундусуна ылайык айылдык кеңештин тескемеси чыгарылат, бул чыгарылган тескемеге негиз айыл өкмөт токтом чыгарат.
6. Кош-Дөбө айыл аймагынын “Ардактуу атуулу”, “Ак ниет кызматы үчүн” жана “Мыкты кызматкери” наамдары сыйлыктарынын күбөлүгүнө айылдык кеңештин төрагасы кол коюлат.
7. Кош-Дөбө айыл аймагынын “Ардактуу атуулу”, “Ак ниет кызматы үчүн” жана “Мыкты кызматкери” наамдарын айылдык кеңештин төрагасы же анын тапшырмасы менен орун басары де айыл өкмөт башчысы тапшырат.
8. Кош-Дөбө айыл аймагынын “Ардактуу атуулу”, “Ак ниет кызматы үчүн” жана “Мыкты кызматкери” наамдары жыл сайын бир жолу Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүнүн урматына ыйгарылат. Ошону менен бирге, кээ бир учурларда мамлекеттик деңгээлде өзгөчө патриоттуулуктун үлгүсүнүн негизинде жеке атуулдук парзын аткарып, ар тараптуу өнүгүүсүндөгү көрсөткөн орчундуу эмгегинин негизинде салтанаттуу жайларда, кесиптик майрамдарда, жылдын жыйынтыгы менен да наам ыйгарылат. Наам менен бирге сыйланган адамдарга Кош-Дөбө айыл аймагынын “Ардактуу атуулу”, “Ак ниет кызматы үчүн” жана “Мыкты кызматкери” наамдарын күбөлөндүрүүчү эстелик лентасы, төш белгиси күбөлүк тапшырылат жана аларды даярдоо үчүн кеткен чыгымдар жергиликтүү айыл өкмөттүн бюджеттин каражатынын эсебинен жүргүзүлөт.
9. Кош-Дөбө айыл аймагынын “Ардактуу атуулу”, “Ак ниет кызматы үчүн” жана “Мыкты кызматкерине” сунуш бир гана жолу көрсөтүлүп ыйгарылат жана кайталап берүү жүргүзүлбөйт. Кош-Дөбө айыл аймагынын “Ардактуу атуулу”, “Ак ниет кызматы үчүн” наамдары бир жылда 6 адамга чейин жана “Мыкты кызматкер” 3 адамга чейин ыйгарылат.
10. Кош-Дөбө айыл аймагынын “Ардактуу атуулу”, “Ак ниет кызматы үчүн” жана “Мыкты кызматкери” наамдарын ыйгаруу жөнүндөгү сунуш көзү өткөн жарандарга каралбайт.
11. . Кош-Дөбө айыл аймагынын “Ардактуу атуулу”, “Ак ниет кызматы үчүн” жана “Мыкты кызматкер” наамдарын алууга кылмыш жоопкерчилигине тартылган же болбосо же болбосо соттолгондугун мыйзам чегинде алынып салынган адамдарга берилбейт.
Кыргыз Республикасынын Конституциясын жана мыйзам актыларын бузган кылмыш жоопкерчилигине тартылган атуулдан Кош-Дөбө айыл аймагынын “Ардактуу атуулу”, “Ак ниет кызматы үчүн” жана “Мыкты кызматкери” наамдарын алып салуу боюнча айылдык кеңештин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясы айылдык кеңешке сунуш берет.
12. Ыйгарылган наамды берилүүчү эстелик лентасы , күбөлүгүн жана төш белгисинжасап алуу, сатуу, алмашуу, Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына ылайык каралат.
Кош-Дөбө айыл аймагынын “Ардактуу атуулу”, “Ак ниет кызматы үчүн” жана “Мыкты кызматкер” наамдарын ыйгаруунун тартиби
13. . Кош-Дөбө айыл аймагынын “Ардактуу атуулу”, “Ак ниет кызматы үчүн” жана “Мыкты кызматкери” наамдарын ыйгаруунун негизи болуп төмөнкүлөр эсептелет:
--Кош-Дөбө айыл аймагынын “Ардактуу атуулу” аймактын өркүндөп-өсүшүнө өбөлгө болгон көп жылдык туруктуу, үзүрлүү эмгеги менен жалпыга блгилүү болгон, элдин биримдигин коргоого жана чыңдоого, аймактын экономикалык, руханий жана интеллектуалдык дараметин арттырууга кошкон салымы үчүн, жергиликтүү калктын арасында аброю чоң, элдин арасында тынчтыкты, биримдикти, достукту, ынтымакты сактагандыгы үчүн аймактын структурасында (мекеме, иш-канада) көп жылдар бою иштеген жана мамлекеттик сыйлыктарга ээ болгон инсандарга берилет.
-- Кош-Дөбө айыл аймагынын “Мыкты кызматкер” наамы аймактын социалдык экономикалык өнүгүү деңгээлин жана элдин бакубаттуулугун көтөрүүгө, тынчтыкты жана туруктуулукту сактоого өбөлгө түзгөн эмгектеги салымы үчүн структурасында (мекеме, иш-канада) адистиги боюнча кеминде 10 жыл иштеген жогорку кваликациялуу мамлекеттик сыйлыктарга ээ болгон кызматкерлерге ыйгарылат.
-- Кош-Дөбө айыл аймагынын “Ак ниет кызматы үчүн” наамы аймактын тургундарынын жыргалчылыгы үчүн жасалган кайратту иш-аракеттери, эл аралык, коомдук кайрымдуулук жана гуманитардык иштердеги жетишкендиктери, Кош-Дөбө айыл аймагына чоң иш чараларды өткөргөн айыл элине туруктуу кайрымдуулук кылган айылга инвестицияларды алып келген, чоң курулуштарды курган бизнес адамдарына, чет өлкөнүн адамдарына ыйгарылат.
Кош-Дөбө айыл аймагынын “Ардактуу атуулу”, “Ак ниет кызматы үчүн” жана “Мыкты кызматкер” наамдарына ээ болгон инсандар жөнүндө маалыматтар Кош-Дөбө айыл өкмөтүндө сакталат.
Кош-Дөбө айыл аймагынын “Ардактуу атуул”, “Мыкты кызматкер” наамдарынын ээси төмөнкүлөргө укуктуу
14. Кош-Дөбө айыл аймагынын “Ардактуу атуул”, “Мыкты кызматкер” наамдары айыл аймактын эң жогорку сыйлыгы болуп эсептелгендиктен, бул наамга татыктуу болгон жаран айылдын калкынын арасында зор сый-урматка жана кадыр-баркка ээ.
-- айыл тургундарынын жашоо деңгээлин жогорулатуу боюнча айылдык кеңешке сунуш менен кайрылууга.
-- айыл аймактагы мекеме-уюмдардын, иш-кана жетекчилеринин жана башка кызмат адамдардын кабыл алуусунда эч токтоосуз кабыл алууга жана тиешелүү маселелер боюнча алардан жооп алууга укуктуу.
--айыл аймакта майрамдарга арналган иш-чараларга, белгилүү даталуу күндөрдө жана башка маанилүү окуяларга катыша алат.
-- Кош-Дөбө айыл аймагынын “Ардактуу атуул”, “Мыкты кызматкер” наамдарынын ээлери үчүн башка кошумча укуктар жана жеңилдиктер каралган эмес.
Кош-Дөбө айылдык кеңешинин
жооптуу катчысы А.Тыныбеков