Загрузка документа…
КОШ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
“Кош-Дөбө айылдык кеңештин кезектеги үчүнчү сессиясы”
2026-жылдын 31-июлундагы №3/3
“Кош-Дөбө айыл өкмөтүнүн бюджетиндеги акча каражаттарын тиешелүү бөлүмдөргө жылдыруу жөнүндө
Кош-Дөбө айылдык кеңештин бюджет жана экономика боюнча туруктуу комиссиянын 2026-жылдын 20-июлундагы №4 корутундусун жетекчилике алып
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Маркумдарды көрүстөндөргө көмүү жайларын брондоо тартиби, көмүү жайларын брондоодон келип түшкөн каражаттардын пайдаланышын көзөмөлдөө боюнча мыйзамга ылайык иш алып баруу жагы айыл өкмөт башчы Н.Исабековго милдеттендирилсин.
2. Кыргыз Республикасынын жарандарынын көрүстөндөрдү брондоо боюнча чыгарылган токтом кат кабарларды элге жеткирүү жайылтуу боюнча айыл өкмөт башчыга милдеттендирилсин.
3. Мундуз айылына мурдагы мектептин ордуна балдар бакчасын ачуу үчүн курулуш материалдарын сатып алуу үчүн 599210 сом акча каражатын Б-70629 жкх бөлүмүнүн 2215 беренесинен 2026-жылдын 6 айлык аткаруу иш планынан эконом чыккан суммадан тиешелүү беренелерге отургузууга макулдук берилсин.
4. Айыл өкмөттүн кызматкерлерине керектелүүчү боюмдарды сатып алуу үчүн 177 690 сом акча каражатын Б-70629 жкх бөлүмүнүн 2215 беренесинен ушул эле бөлүмдүн 3112 беренесине бекитип берилсин.
5. Айыл өкмөттүн жана айылдык кеңештин маалымат доскасын даярдатып тез күндүн ичинде жасатып илдирүү жагы ФЭБ башчы К.Муратбековго милдеттендирилсин.
6. Кош-Дөбө айыл өкмөтүнүн аппарат кызматкерлеинин ТОП жана МОП кызматкерлерине жана маданият, китеп кана кызматкерлерине Республикалык бюджеттен келетурган 1 962 100сом акча каражатын, эмгек акысын жергиликтүү бюджетке отургузууга макулдук берилсин.
7. Жаны ачыла турган Муздуз балдар бакчасынын кызматкерлери үчүн Республикалык бюджеттен келетурган 1 233 400 сом акча каражатын, эмгек акысын жергиликтүү бюджетке отургузууга макулдук берилсин.
8. VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын “Биримдик кербени” аттуу 40 күндүк улуттук жүрүш, көөркөрлөргө булактан суу алуу аземин өткөрүү боюнча Б-70629 жкх бөлүмүнүн 2215 беренесинен 200 000 сом акча каражатын карап берүүгө макулдук беришти.
9. Улук айылына сел кана куруу үчүн областык өнүктурүү фонду долбооруна Б-70629 жкх бөлүмүнүн 2215 беренесинен 300 000сом берүүгө макулдук берилсин.
10. Айыл өкмөттүн кенсесине чарбалык буюмдарды сатып алууга (электро автомат, электро провд жана архивке темир стеляж сатып алууга 105 300сом Б-70629 жкх бөлүмүнүн 2215 беренесинен ушул эле бөлүмдүн 2222 беренесине отургузууга макулдук берилсин
.
11. 60000 сом ака каражаты 2026-жылы ЖРТ дан айыл өкмөттүн аймагындагы мектептерден эң жогорку балл алган окуучуларга кызыктыруучу сыйлык катары бөлүнүп берилсин.
12. Таш-Жар айылындагы сел дамбасын куруу үчүн Аксы райондук өзгөчө кырдаалдар менен биргеликте иш алып барууга 100 000сом акча каражатын бөлүүгө макулдук берилсин.
13. А.Конгайтиев көчөсүн жарыктандыруу үчүн жана айыл өкмөттүн кеңсесин айландыра тосууга Тазалык муниципалдык ишканасына муниципалдык тапшырык берүүгө 500 000сом акча каражатын ушул эле беренеден бекитип берүүгө макулдук берилди.
14. Кош-Дөбө айылдык кеңештин 2026-жылдын 17-февралындагы №1/1 токтомунун 2-пункутундагы 151700 сом Кош-Дөбө айыл өкмөтүнүн бюджетинин чыгаша бөлүгүнө которуп берүү үчүн олтургузулсун дегенжайыт пайдалануучулар бирикмесинен жыйналган акча каражатын толугу менен жайыт инфраструктурасын жакшыртууга жумшоого макулдук берилсин.
15. Айылдык кеңештин 17.02.2026-жылдагы №1/1 токтомунун 2-пункутундагы 151,7 (бир жүз элүү бир миң жети жүз) сом айыл өкмөтүнүн бюджетинин чыгаша бөлүгүнө которуп берүү үчүн 704-бөлүмүнүн 2215-беренесине чегерилиши менен бекитилсин деген сөз жокко чыгарылсын Кош-Дөбө айыл өкмөтүнүн жайыт пайдалануучулар бирикмесинен жыйналган акча каражаты 100% толугу менен жайыт инфраструктурасын жакшыртууга жумшоого макулдук берилсин.
16. Торук балдар бакчасынын жарылган от казандын жарылышынын себебин аныктап жарылган от казандын өзүн жамап оңдөп түзөтүп иштетүүнүн үстүндө иш алып баруу жагы айыл өкмөт башчысы Н.Исабековго милдеттендирилсин.
17. Кош-Дөбө айыл өкмөтүнүн “Тазалык” муниципалдык ишканасы элди таза-суу менен камсыз кылуудагы сунуш кылган жаңы тарифи колдоого алынбасын ушул убака чейин бекитилген тариф менен мыйзам чегинде иш жүргүзүүсү эскертилсин.
18. Салык агентиги төлөөчү киреше салыгы 19400 сом. Короо жаныдагы жана дачалык жер участоктордун пайдалануу үчүн жер салыгы 86000 сом. Жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияны кармоо үчүн акы салыгынан 15000 сом. Мектепке чейинки жана мектеп мекемелерине кошумча кызмат көрсөтүү акысы боюнча 345800 сом акча каражаттары жалпы 466200 сом акча каражаты жыйналбай белгиленген план толтурулбай калганы белгиленсин жана жыйналбай калган акча каражаттарды жыйнап белгиленген планды өз учурунда аткаруу жагы айыл өкмөт башчы Н.Исабековго милдеттендирилсин.
19. Чыгаша бөлүгүндөгү бекитилген пландан ашыкча иштетилгени белгиленсин.
Үнөмдөлгөн 5555,6 сомду элдин негизги мыйзамда көрсөтүлгөн муктаждыктарын
чечүүгө өз учурунда жумшоо жагы эскертилсин.
20. Токтом айыл өкмөттүн веб-сайтына жарыялансын.
21. Токтом кабыл алынган күндөн баштап күчүнө кирет.
22. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага Ч.Кадыркулов