Загрузка документа…
АК-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
“Ак-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин IX чакырылышынын VIII сессиясы”
2025-жылдын 2-сентябрыдагы № 8/46
“Жамааттык сынактын жобосун бекитүү жөнүндө”
Швейцария өкмөтү тарабынан каржыланып, «Хельветас» уюму ишке ашырып жаткан жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу долбоорунун алкагында, айылдардын тиричилик калдыктарын чыгаруу боюнча тарифтик төлөмдөрдү төлөө жоопкерчилигин күчөтүү жана калктын жашоо шартын жакшыртуу максатында, Ак-Суу айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Суу айыл аймагындагы айылдардын тиричилик калдыктарын чыгаруу үчүн тарифтик төлөмдөрдү төлөө жоопкерчилигин күчөтүү боюнча өткөрүлүүчү жамааттык сынактын жобосу тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу милдети Ак-Суу айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
3. Ушул токтом Ак-Суу айыл аймагынын расмий веб-сайтына жарыялансын.
Төрага М.Шаршеналы уулу
Тиркеме №1
Ак-Суу айыл аймагынын айылдык
кеңешинин 2025-жылдын 2-сентябрь
№ 8/46 токтому менен
“Бекитилди”
Кызматтардын туруктуулугун күчөтүү, тургундардык жарандык жоопкерчилигин жогорулатуу багытында жүргүзүлгөн эң мыкты иш боюнча Ак-Суу айыл аймагындагы Ак-Сай, Ак-Суу, Коргон-Дөбө, Төө-Басты, Кум-Булуң айылдарында тиричилик калдыктарын чыгаруу үчүн тарифтик төлөмдөрдү төлөө жоопкерчилигин күчөтүү боюнча өткөрүүлүүчү жамааттык сынактын ЖОБОСУ
1.Жалпы жоболор
1.1. Кызматтардын туруктуулугун күчөтүү, тургундардык жарандык жоопкерчилигин жогорулатуу багытында жүргүзүлгөн эң мыкты иш боюнча Ак-Суу айыл аймагындагы Ак-Сай, Ак-Суу, Коргон-Дөбө, Төө-Басты, Кум-Булуң айылдарында тиричилик калдыктарын чыгаруу үчүн тарифтик төлөмдөрдү өз учурунда төлөгөн жамааттарга дем берүү максатында өткөрүлөт.
1.2. Сынак Ак-Суу айыл аймагынын айыл өкмөтү тарабынан 2025-жылдын 10-сентябрдан 10-октябрына чейин Швейцария Өкмөтү тарабынан каржыланган, “ХЕЛЬВЕТАС” уюму тарабынан ишке ашырылып жаткан “Жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу” долбоору менен биргеликте өткөрүлөт.
2.Сынактын шарттары
2.1 Сынакка Ак-Суу айыл аймагындагы Ак-Сай, Ак-Суу, Коргон-Дөбө, Төө-Басты, Кум-Булуң айылдарынын жашоочулары( бир көчөдө жашаган) катышат.
Кызмат көрсөтүүнүн аталышы | Айылдардын аталышы | Дареги |
Ак-Суу айыл аймагындагы Ак-Сай, Ак-Суу, Коргон-Дөбө, Төө-Басты, Кум-Булуң айылдарынан тиричилик калдыктарын чыгаруу | Ак-Суу айыл аймагындагы Ак-Сай, Ак-Суу, Коргон-Дөбө, Төө-Басты, Кум-Булуң айылдарынын бардык көчөлөрү |
|
2.2 Сынакка катышуу үчүн Ак-Суу айыл аймагындагы Ак-Сай, Ак-Суу, Коргон-Дөбө, Төө-Басты, Кум-Булуң айылдарынын бардык көчөлөрүнүн жашоочулары жогоруда көрсөтүлгөн милдеттерди 2025-жылдын 10-сентябрдан 10-октябрына чейин аткаруусу керек.
2.3 Сынак башталаар алдында жана аны өткөрүү процессинде сынактык комиссия “Ак-Суу” МИнын жетекчиси жергиликтүү жамааттар менен тиричилик калдыктарынын төлөмүнүн учурдагы абалы жөнүңдө айыл өкмөтүнө маалымдайт.
2.4 Айыл өкмөтү сынактын жүрүшү жана учурдагы натыйжалары жөнүндө калкты үзгүлтүксүз маалымдап турат.
3.Сынак өткөрүүнүн тартиби
3.1 Айыл өкмөтү сынактын башталышы жөнүндө жарыяны маалымат такталарына жайгаштыруу, бардык социалдык тармактарга жайылтуу жана жер-жерлерде жамаатарга ооз эки жарыялоо аркылуу калкка жарыялайт.
3.2 Сынакка катышууну каалаган жамаатар(бир көчөнүн жашоочулары) өз өкүлүн тандайт жана ал айыл өкмөтүнө сынакка катышуу жөнүндө маалымдайт. Айыл өкмөтү катышкан жамааттардын (көчөлөрдүн) тизмесин түзүп, алардын өкүлдөрүнө сынактын жүрүшү жөнүндө үзгүлтүксүз маалымат берип турат.
4.Жеңүүчүлөрдү аныктоо тартиби
1.1 Айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын ____сентябрындагы №____ буйругу менен айыл өкмөтүнүн кызматкерлеринен, жергиликтүү кеңештин депутаттарынан жана кызмат көрсөтүүчүлөрдөн түзүлгөн сынактык комиссия тарабынан сынактын жүрүшү көзөмөлдөнөт.
1.2 Сынактык комиссиянын чечими протокол менен бекитилет жана жалпыга маалымдоо үчүн маалымат такталарына илинет.
5.Сынактын жеңүүчүлөрүнө сыйлык тапшыруу аземи
5.1 Сынакттык байге фонду жаткан “Жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу” долбоору тарабынан берилген 30,0 миң сомду түзөт. Байге фонду акчалай түрүндө берилбейт. Бул каражаттар жеңүүчү аймакты жакшыртууга жумшалат.
5.2 Жеңишке ээ болгон аймактын өкүлдөрү, өз тургундарынын чечиминин негизинде, берилген сумманынын чегинде, туруктуу жашаган көчөсүн жакшыртууга багытталган демилгелерди сунушташат.
5.3 Айыл өкмөт байге акчаларын жамааттын өкүлү менен макулдашылган демилгени каржылоого багыттайт.
5.4 Жылдын аягында айыл өкмөтү кызмат көрсөтүүчүлөр менен биргеликте айылдык аймактын тургундарына аткарылган иштер жана жетишилген натыйжалар жөнүндө отчет берет.