Редакцияот 24.02.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АК-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

“Ак-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин IX чакырылышынын III сессиясы”

 

2025-жылдын 24-январыдагы № 3/10                         

 

“Ак-Суу айыл өкмөтүнүн 2025-жылга бюджеттин кирешелери

жана чыгашаларын бекитүү “

 

“Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтуу өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34-беренесинин негизинде”Ак-Суу айыл өкмөтүнүн 2025-жылга жергиликтүү бюджетин бекитүү жөнүндө Ак-Суу айылдык кеңешинин бюджет жана экономика мунципалдык менчик, инвестиция боюнча туруктуу комиссиянын корутундусун угуп жана талкуулап,Ак-Суу айыл аймагынын айылдык кеңеши:

 

                                                       ТОКТОМ КЫЛАТ

 

  1. Ак-Суу айыл өкмөтүнүн 2025-жылдагы жергиликтүү

- бюджетинин кирешесинин көлөмү 20426,1 (жыйырма миллион төрт жүз

жыйырма алты миң бир жүз) сом,

-  өздүк киреше 10 353,6 ( он миллион үч жүз элүү үч миң алты жүз) сом,

    мунун ичинен

- атайын каражаты 1282,7(бир миллион эки жүз сексен эки миң жети жүз) сом,

- жайыттын кирешеси:242,3 (эки жүз кырк эки миң үч жүз) сом.

Теңдөөчү грант 8547,5 (сегиз миллион беш жүз кырк жети миң беш жүз) сом,

.Жалпысы: 20426,1 (жыйырма миллион төрт жүз

жыйырма алты миң бир жүз) сом суммасында

 №1-тиркемеге ылайык бекитилсин.

 

  1. Ак-Суу айыл өкмөтүнүн 2025-жылга бюджетинин чыгаша бөлүгү №2-тиркемеге ылайык тиркелсин.

 

  1. 01.01.2025-жылдын башына үнөмдөлүп калган 5290,2(беш миллион эки жүз токсон миң эки жүз) сом калдыктын эсебинен, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин 110-беренесине негиз калдык акча каражатынан жүгүртүүдөгү кассалык накталай акчанын көлөмү бир айлык эмгек акы төлөө фондуна негиз 500,0(беш  жүз миң)сом өлчөмүндө бекитилсин.Ал эми калган калдык акча каражаты №3-тиркемеге ылайык сарпталсын.

 

  1. Республикалык бюджеттен берилген теңдөөчү грант биринчи кезекте коргоого алынган беренелерге(айлык акы,соц фонд,тамак-аш,таш көмүр,комуналдык кызматка)жумшалсын.

 

  1. Функционалдык классификациялык бөлүмдөрдө беренелерден беренелерге жылдыруулар айыл өкмөттүн башчысынын буйругунун негизинде жүргүзүлсүн.

 

  1. Бюджетке өзгөртүүлөрдү киргизүү жана айылдык кеңешке сунуш берүү жагы Ак-Суу айыл өкмөтүнүн каржы бөлүмүнүн башчысына милдеттендирилсин.

 

  1. “Кыргыз Республикасынын бюджеттик Кодекстин негизинде 24-беренесине ылайык жалпы жылдык бюджеттин чыгымдарынын көлөмүнүн 2 пайызынан ашпаган 200,0(эки жүз миң) сом өлчөмүндө айыл өкмөтүнүн резервдик фонду түзүлсүн.

 

  1. Айыл өкмөттүн бюджетин үзгүлтүксүз камсыз кылуу масатында салык жана салыктык эмес төлөмдөрдүн белгиленген пландарын ар бир түрү боюнча аткарууну айыл өкмөттүн салык инспекторуна милдеттендирилсин.

 

 

  1. Жогорудагы аныкталган жергиликтүү бюджеттин киреше жана чыгашаларынын аткарылышы боюнча,айылдык кеңештин бюджет жана каржы комитетине билдирүү берип туруу жагы финансы экономика бөлүмүнө милдеттендирилсин.

 

 

  1. Ушул токтом Ак-Суу айыл аймагынын расмий веб-сайтына жарыялансын.

 

  1. Ушул токтом кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет:

 

  1. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жиберүү жагы жооптуу катчы Ж.Жолдубай уулуна милдеттендирилсин.

 

  1. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин бюджет жана экономика мунципалдык менчик, инвестиция боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Б.Жеңишбек уулуна милдеттендирилсин.

 

 

Төрага М.Шаршеналы уулу