Редакцияот 06.05.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

СҮЙМОНКУЛ ЧОКМОРОВ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

 

СҮЙМӨНКУЛ ЧОКМОРОВ АЙЫЛДЫК КЕНЕШИНИН

28- ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН 2- ОТУРУМУ

 

2024-жылдын 6- майы № 23

Футбол аянтчасына жер тилкесин бөлүп берүү жөнүндө

Октябрь айылындагы Герцен көчөcүндө жайгашкан жалпы аянты 11150,00м болгон жер тилкесин футбол аянтчасын куруу маселесин карап чыгып жана талкуулап Сүймөнкул Чокморов айылдык кеӊеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Чүй айылындагы Герцен көчөсү, дареги жок жайгашкан 1150,00м жер тилкесин Сүймөнкул Чокморов айыл аймагына футбол аянтчасын куруу үчүн мөөнөтсүз пайдаланууга берилсин.

2. Аламүдүн районунун жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгынан аталган жер тилкесин каттап, муниципалдык менчик укугун күбөлөндүргөн документти берүү өтүнүлсүн.

3. Аламүдүн райондук архитектура жана шаар куруу башкармалыгына бөлүнгөн жер тилкесине АПУ (архитектуралык пландоо тапшырылсын) иштеп чыгуу өтүнүлсүн.

4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө агрардык жана жер маселелери, архитектура жана муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.

2026-жылдын 19-августундагы https://gagsmsu.kg/wp-content/uploads/2026/08/2024-%D0%B6.%D1%82%D0%BE%D0%BA%D1%82%D0%BE%D0%BC%E2%84%9623.pdf расмий сайтында жарыяланды

 

 

Төрага

Мажитов Н.Б.