Загрузка документа…
АЛТЫН-БЕШИК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Алтын-Бешик айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги ХХ сессиясы
2026-жылдын 31-июлу № 01-15/ 16
Алтын-Бешик айыл аймагына караштуу Таян, Сай, Кыштут айылдарынын Башкы планын бекитүү жөнүндө .
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары” жөнүндөгү Мыйзамынын Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 5-сентябрындагы №567 токтомуна ылайык Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 21-беренесини жана айылдык кеңештин жер жана мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиянын протоколунун негизинде. Алтын-Бешик айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги ХX сессиясы токтом кылат:
1 Кыргыз Республикасынын Курулуш архитектура жана турак жай коммуналдык чарба Министрлигинин алдындагы Шаар куруу жана архитектура Департаменти тарабынан иштелип чыккан Таян,Сай,Кыштут айылдарынын башкы планы бекитилсин.
2 Бекитилген башкы пландын негизинде калктуу конуштардын жерлерин максаттуу пайдаланууну жана архитектуралык-курулуш талаптарынын так сакталышы көзөмөлгө алынсын.
3 Ушул токтомдун аткарылышы Алтын-Бешик айыл өкмөтүнүн башчысы А.Эргешовко милдетендирилсин.
4 Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин жер, жана мыйзамдуулук маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрайым | А. Матраимова |