Загрузка документа…
АЛТЫН-БЕШИК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Алтын-Бешик айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги ХХ сессиясы
2026-жылдын 31-июлу № 01-15/ 17
Алтын-Бешик айыл аймагындагы Борбордук көчөлөргө жана билим берүү мекемелеринин жанына жол белгилерин жана ылдамдыкты азайтуучу жасалма тосмолорду (лежачий полицейский) орнотууга макулдук берүү жөнүндө
Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу, жөө жүргүнчүлөрдүн, өзгөчө мектеп окуучуларынын жана бала бакчанын тарбиялануучуларынын коопсуздугун коргоо максатында , Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык, жана Алтын-Бешик айыл өкмөтүнүн башчысы А.Эргешовдун билдирүүсүн угууп жана талкуулап, Алтын-Бешик айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги ХX сессиясы токтом кылат:
1. Алтын-Бешик айыл өкмөтүнө караштуу баардык айылдардын борбордук көчөлөргө жана билим берүү мекемелеринин мектептердин, жана баладар бакчалардын айланасына жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо үчүн тиешелүү жол белгилерин жана ылдамдыкты азайтуучу жасалма тосмолорду («лежачий полицейский») мыйзамдардын талаптарына ылайык орнотууга макулдук берилсин.
2. Айыл өкмөтүнө тиешелүү мамлекеттик органдар менен макулдашуу иштерин жүргүзүү жана орнотуу иштерин белгиленген тартипте уюштуруу тапшырылсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин жер жана мыйзамдуулук боюнча комиссиясына жүктөлсүн.
4 Ушул токтомдун аткарылышы Алтын-Бешик айыл өкмөтүнүн башчысы А.Эргешовко милдетендирилсин.
Төрайым | А. Матраимова |