Загрузка документа…
АЛТЫН-БЕШИК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Алтын-Бешик айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги ХХ сессиясы
2026-жылдын 31-июлу № 01-15/ 19
Алтын-Бешик айыл аймагынын ичүүчү таза суу түтүктѳрүнѳ кошулуу үчүн абоненттердин долбоор жүрүп жаткан кездеги ѳздүк салымы, Кайынды, Кан, Сары-Талаа айылындагы “Климаттын өзгөрүшүнө туруктуу суу чарба кызматтарын жакшыртуу” долбоорунун алкагында абоненттерди негизги суу түтүгүнө кошууда түзүлгөн суу комитетинин, жумушчу топтун, МИнын жана айыл өкмөттүн иш-аракеттери, ичүүчү таза суу түтүктѳрүнѳ абоненттердин кошулуу учурундагы тартиби, абоненттик китепче жана анын ичинде кѳрсѳтүлгѳн “Таян-Тазалык” МИ менен абоненттин ортосундагы келишим, техникалык шарттар, ситуациялык чийме, айылды ичүүчү таза суу менен камсыз кылуу системаларынан ичүүчү таза сууну пайдалануунун эрежелери, “Таян-Тазалык” муниципалдык ишканасынын кызматкерлеринин кызмат көрсөтүү акылары жана “Таян-Тазалык” муниципалдык ишканасынын абоненттери ичүүчү таза сууну пайдалануу учурундагы эрежелерди бузгандыгы үчүн айып пул салуу жөнундө.
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 34-беренесине ылайык жана Кайынды, Кан, Сары-Талаа айылдарындагы 2026-жылдын 11-июнундагы, жалпы элдик чогулушунун протоколу жана ушул үч айылда түзүлгөн суу комитетинин 7-июлундагы, 28-июлундагы отурумунун протоколдорунун негизинде Алтын-Бешик айылдык кеңеши токтом кылат.
1. Кайыңды, Кан, Сары-Талаа айылдарынын ичүүчү таза суу түтүктөрүнө кошулуу үчүн абоненттердин долбоор жүрүп жаткан мезгилдеги өздүк салымы суу комитеттеринин отурумунун протоколуна ылайык бекитилсин (№ 1 тиркеме тиркелет).
2. Кайыңды, Кан, Сары-Талаа айылдарындагы “Климаттын өзгөрүшүнө туруктуу суу чарба кызматтарын жакшыртуу” долбоорунун алкагында абоненттерди негизги суу түтүгүнө кошууда түзүлгөн суу комитетинин, жумушчу топтун, МИнын жана айыл өкмөттүн иш-аракеттери бекитилсин (1 беттен турган № 2 тиркеме тиркелет).
3. Алтын-Бешик айыл аймагындагы элдердин үй-чарбаларына таза сууну киргизүү, кошуу тартиби бекитилсин (1 беттен турган № 3 тиркеме тиркелет).
4. “Таян-Тазалык” муниципалдык ишканасы тарабынан сунушталган, абоненттерге бериле турган Абоненттик китепче жана анын ичиндеги кѳрсѳтүлгѳн: Келишим, техникалык шарттар, ситуациялык чиймеси менен, айылды ичуучу таза суу менен камсыз кылуу системаларынан ичуучу таза сууну пайдалануу эрежелери бекитилсин.
5. “Таян-Тазалык” муниципалдык ишканасынын кызматкерлеринин Алтын-Бешик айыл аймагындагы ичүүчү таза сууга кызмат көрсөтүү акылары бекитилсин (1 беттен турган № 5 тиркеме тиркелет).
6. Алтын-Бешик айыл аймагындагы “Таян-Тазалык” ишканасынын абоненттери ичуучу таза сууну пайдалануу учурундагы эрежелерди бузгандыгы үчүн жазалар бектилсин. (2 беттен турган № 6 тиркеме тиркелет).
7. Токтомдун аткарылышы Алтын-Бешик айыл өкмөтүнүн башчысы А.Ж. Эргешовго жана “Таян-Тазалык” МИнын жетекчиси Б. Закировго жүктөлсүн.
8. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңешинин Мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, архитектура, курулуш, транспорт жана экология боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрайым | А. Матраимова |
№1 тиркеме
“Таян-Тазалык” муниципалдык ишкананын кызматкерлеринин жана түзүлгөн жумушчу топтун долбоор жүрүп жаткан мезгилиндеги эмгек маяналары жана кызмат көрсөтүү акылары |
|
| |||||||||
|
|
|
|
|
| ||||||
№ | Кызматтын аталышы | Сумма (сом) | Эскертүү |
|
| ||||||
1 | Абонентти суу түтүгүнө туташтыруу: | 500 | Долбоор мезгилинде түзүлгөн сантехникалык топ тарабынан жүргүзүлөт |
|
| ||||||
а) Байлоочу камыт, туташтыруучу тетик, чөпик ж.б. керектелүүчү буюмдар |
|
| |||||||||
б) Абонентке тийешелүү ПЭ түтүктөрүн тартуу, кудукту тешүү, кудуктун ичиндеги трубаларды жайгаштыруу |
|
| |||||||||
2 | Транспорттук чыгымдар (унаа, күйүүчү май, айдоочунун маянасы ичинде) | 200 | Айыл башчы, суу комитети, МИ тарабынан уюштурулат |
|
| ||||||
3 | Абоненттик китепче даярдоо (келишим, суу эрежелери, тех. шарттар, кеңсе чыгымдары) | 500 | МИ тарабынан даярдалат жана эсеп чотуна которулат |
|
| ||||||
4 | Капиталдык салым |
| Бул каражат МИ эсеп чотуна которулат |
|
| ||||||
5 | Баардыгы | 1200 |
|
|
| ||||||
| Эскертуу: Урматтуу Кайыңды, Кан, Сары-Талаа айылдарынын жашоочулары! Төмөндөгү таблицада көрсөтүлгөн суммалар абоненттерди негизги суу түтүгүнө кошуу мезгилинде жумушчу топтун мүчөлөрүнө төлөнөт (казуу көмүү учурунда экскаватор кызматы өзгөрүлүшү мүмкүн). |
|
| ||||||||
|
|
|
|
|
|
|
| ||||
№ | Кызматтын аталышы | бирдиги | өлчөмү | сом | эскертуу |
|
| ||||
1 | Экскаватор кызматы (казуу, көмүү) | метр | 1 | 200 | Казылган жана көмүлгөн метрине жараша төлөнөт |
|
| ||||
2 | Түтүктөрдү сатып алуу (сапар чыгымдары менен бирдикте) | метр | 1 | 35 | Негизги кудуктан абоненттин үйүнө чейинки аралык |
|
| ||||
|
| ||||||||||
|
| ||||||||||
3 | Жумшак топурак ташып келүү жана түтүктүн алдына 10 см төшөө |
|
|
| Жумшак топурак жок болгондугуна байланыштуу, ар бир кожолук өзү топуракты элгеп салышат. |
|
| ||||
4 | Жумшак топурак ташып келүү жана түтүктүн устуно 20 см төшөө |
|
|
|
|
| |||||
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|