Редакцияот 27.06.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

СҮЙМОНКУЛ ЧОКМОРОВ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

 

СҮЙМӨНКУЛ ЧОКМОРОВ АЙЫЛДЫК КЕНЕШИНИН

28- ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН 3- ОТУРУМУ

 

2024-жылдын 27- июну № 28

Сүймөнкул Чокморов айыл аймагынын “Ала - Арча” муниципалдык

ишканасынын коммуналдык тɵлɵм ченемдерин бекитүү боюнча

 

Сүймөнкул Чокморов айыл аймагынын “Ала - Арча” муниципалдык ишканасынын башчысы Мелисбек у А. 2024-жылга карата коммуналдык төлөм ченемдери боюнча сунушун карап жана талкуулап Сүймөнкул Чокморов айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Сүймөнкул Чокморов айыл аймагынын “Ала - Арча” муниципалдык ишканасынын коммуналдык тѳлѳмдѳр тѳмѳнкү ченемде бекитилсин:

  Мраморное жана Рассвет айылы үчүн:

·         Иче турган сууга – 35 сом/киши ай сайын;

·         Канализация – 35 сом/киши ай сайын;

·         Огороддорду сугарууга – 25 сом/сот;

·         Таштанды үчүн – 25 сом/киши ай сайын;

Октябрь айылы үчүн:

·         Иче турган сууга – 35 сом/киши ай сайын;

·         Канализация – 35 сом/киши ай сайын;

·         Огороддорду сугарууга – 25 сом/сот.ай сайын;

·         Таштанды үчүн – 100 сом/ 1 кожолуктан ай сайын;

 

-     Коммерциялык максатта пайдаланылган (кафе, мончо ж.б) 1 куб суу үчүн 20 сом

-     Канализацияга туташтуу үчүн 2000 сом

-     Ичүүчү сууга туташтыруу 2000 сом.

- Ичүүчү суу менен жашыл жерлерди ( шланг менен туташтыруу) суугаруу үчүн айып пул 7500 сом.( саат 22:00дөн 06:00гө чейин гана уруксат берилет)

- Таштандыларды белгиленбеген жерлерге төгүү 7500 сомдон 10000 сомго чейин айып пул салынат.

- Зыян 7500 +зыяндын ордун толтуруу

 

2. Бул токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү Сүймөнкул Чокморов айылдык кеңешинин бюджет, каржы, экономика боюнча туруктуу комиссиясына жүктѳлсүн.

2026-жылдын 19-августундагы https://gagsmsu.kg/wp-content/uploads/2026/08/2024-%D0%B6.%D1%82%D0%BE%D0%BA%D1%82%D0%BE%D0%BC%E2%84%9628.pdf расмий сайтында жарыяланды

 

 

Төрага

Мажитов Н.Б.