Загрузка документа…
ТОРТ-ГУЛ АИЛЬНЫЙ КЕНЕШ
ТОКТОМ
2026-жылы 28-июлу № 24
Өнүгүү программаларын жана пландарын (СЭӨП, КСКП) эсепке алуу менен 2026–2030-жылдарга жергиликтүү бюджеттин долбоорун бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексин, «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын, ошондой эле айылдык аймактын Социалдык-экономикалык өнүгүү программасын (СЭӨП) жана Коомчулукту стратегиялык комплекстүү өнүктүрүү планын (КСКП) жетекчиликке алып,Төрт-Гүл айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Айыл өкмөтү тарабынан сунушталган, Социалдык-экономикалык өнүгүү программасы (СЭӨП) жана Коомчулукту стратегиялык комплекстүү өнүктүрүү планынын (КСКП) артыкчылыктарын эске алуу менен иштелип чыккан 2026–2030-жылдарга жергиликтүү бюджеттин долбоору алымча кошумча менен бекитилсин.
2. Бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүктөрү ушул токтомдун тиркемесине ылайык бекитилсин.
3. Айыл өкмөтүнүн башчысына:
· бекитилген бюджеттин аткарылышын камсыз кылуу;
· бюджеттик каражаттарды максаттуу жана натыйжалуу пайдалануу;
· квартал сайын айылдык кеңешке аткарылышы жөнүндө маалымат берүү милдеттендирилсин.
4. Айылдык кеңешинин жооптуу катчысы токтомду каттоого алып, токтомдун көчүрмөсүн tort-gul.gov.kg веб-сайтына жарыяласын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Баткен облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
5. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн баштап күчүнө кирет.
6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы экономика, маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага Н.Артыков
Төрт-Гүл айыл аймагынын айылдык
кеңешинин депутаттарынын 28-июлундагы 2026-жылдагы кезексиз XV сессиясынын №24 токтомуна №1 тиркеме
Социалдык –экономикалык программаны ишке ашыруу боюнча аракеттер планы
Артыкчылыктуу багыт. Пландоо, башкаруу жана администрациялоо
Элге кызмат кылуу максатында айыл өкмөтүнүн аппарат кызматкерлерине жетишээрлик деңгээлде шарттарды түзүп, заманбап жабдуулар жана эмеректер менен камсыз кылуу. Калк менен айыл өкмөтүнүн ортосундагы өз ара түшүнүшүүгө жетишүү. Айыл өкмөтүндө иштөө шарттарын жакшыртуу, кызматкерлер эл менен тыгыз иштешип, айыл тургундарынын айыл өкмөтүнө болгон ишенимин арттыруу.
Айыл өкмөтүндө жарандар менен иш алып барууда төмөнкүлөр аткарылды:
Айыл аймагынын 60 %га жакын жарандарын жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүгө катыштыруу максатында калк менен жолугушуулар уюштурулду. Айылдагы көйгөйлөр калктын бардык (аялдар, эркектер, жаштар, улгайган адамдар, социалдык жактан колдоого муктаж адамдар) катмарынын катышуусунда аныкталды. Көйгөйлөрдү аныктоочу бул механизм тынчтыкты жана коопсуздукту сактоого, чыр- чатактарды алдын-алууга негиз болот.
Айыл өкмөттө иштеген кызматкерлердин саны 17 адам анын ичинен 7 аял. Жергиликтүү кеңештин депутаттардын саны 21 адам, анын ичинен 9 аял. 2024-жылда өткөн шайлоодо аялдарды жергиликтүү кеңештин депутаттыгына тартууда мыйзамда каралган 30%дан кем квотаны колдонуу менен шайлоо өткөрүлгөн. А.Ө. кызматкерлеринин билим дараметин көтөрүү максатында 2026-жылы6 аппарат кызматкери окутуудан өттү, анын ичинен 3 аял. Мындан тышкары А/К депутаттары да семинарларга катышып турушат. Айыл аймагында гендердик басмырлоо жана зордук-зомбулуктун алдын алуу боюнчасоциалдык маселелер боюнча адис, айыл башчылар менен биргеликте түшүндүрүү иштерин жүргүзүп турат.
Социалдык-экономикалык программаны ишке ашыруу боюнча иш-аракеттер планы
|
|
| Ишке ашыруу мөөнөттөрү | Күтүлгөн жыйынтык- тар/көрсөткүчтөр | Бюджет (сом) менен | Каржылоо булагы | Жооптуу атка- руучулар | |||||||
№ | Тапшырмалар | Чаралар/иш аракеттер | 2026 |
| 2030 | 2026 |
| 2030 | ||||||
Артыкчылыктуу багыт. Пландоо, башкаруу жана администрациялоо | ||||||||||||||
Максат: Айыл аймагынын социалдык-экономикалык маселелерин чечүүдө жарандардын активдүүлүгүн, маалыматтуулугун жогорулатуу. Төрт-Гүл айыл аймагынын кызматкерлеринин эмгектенүүсүнө жогорку деңгээлде шарт түзүп берүү аркылуу ЖӨБ органдарынын тургундарга кызмат көрсөтүүсүнүн сапатын жогорулатуу. | ||||||||||||||
Күтүлгөн жыйынтыктар/көрсөткүчтөр: жарандардын 70 %ге жакын бөлүгү (анын ичинен аялдардын /кыздардын саны 18 %ден кем эмес) ЖӨБгө катышат. Жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүдө жыл сайын 5-6 дан кем эмес демилге колдоого алынат. Жыл сайын «Гендердик теңчилик», «Климаттын өзгөрүүсү» темалары боюнча 3 төн кем эмес окуулар өткөрүлөт. Коомчулуктун, анын ичинде аялдардын маалыматтуулугу 40 % га жогорулайт. Айыл тургундары (8600 эркек, 8634 аял) үчүн кызмат алууга ыңгайлуу шарт түзүлөт. Жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгү 20 % жогорулайт. Жергиликтүү көйгөйлөрдү чечүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөт. Жыл сайын 2ден кем эмес чогулуш өткөрүлөт. 250 дөн кем эмес адам катышат, анын ичинен аялдар 30 % дан кем болбойт. | ||||||||||||||
1. | Төрт-Гүл айыл аймагынын 70 % га жакын жарандарын жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүгө катыштыруу | 1.1.«Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан жергиликтүү демилгелерди тандоонун жана каржылоонун тартиби жөнүндөгү» типтүү жобону кабыл алуу жана ишке киргизүү | 2026 |
|
| Жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүдө жыл сайын жамааттык уюмдар, аялдар кеңеши, АДК, жаштар комитети тарабынан көтөрүлгөн 5тен кем эмес демилге колдоого алынат | жерг.бюд | Жамаат,коомчулук ӨЭУ | Респуб. бюджет | Демөөрчүлөр |
| |||
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|