Загрузка документа…
А.МАСАЛИЕВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
А.Масалиев айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын 23 сессиясы
2026-жылдын 30-июлу № 41
А.Масалиев айыл өкмөтүнүн 2026-жылга түзүлгөн социалдык-экономикалык өнүгүү программасынын аткарылышы боюнча 6 айлык отчету жөнүндө
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө мыйзамына ылайык жана А.Масалиев айыл өкмөтүнүн 2026-жылга карата социалдык-экономикалык өнүгүү программасынын 2026-жылдын биринчи жарым жылдыгындагы аткарылышы жөнүндө айыл өкмөтүнүн отчетун угуп, талкуулап жана А.Масалиев айылдык кеңешинин бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун карап чыгып, А.Масалиев айылдык кеңеши токтом кылат:
1. А.Масалиев айыл өкмөтүнүн 2026-жылга түзүлгөн социалдык-экономикалык өнүгүү программасынын аткарылышы боюнча 2026-жылдын 6 айлык отчету канааттандырарлык деп табылып, бекитилсин.
2. Айыл өкмөтүнө:
a. социалдык-экономикалык өнүгүү программасында каралган иш-чаралардын өз убагында жана сапаттуу аткарылышын камсыз кылуу;
b. бюджеттик каражаттарды натыйжалуу пайдалануу боюнча иштерди күчөтүү;
c. калкты таза суу, санитария, жол, жарыктандыруу жана башка коммуналдык кызматтар менен камсыз кылууну жакшыртуу боюнча кошумча чараларды көрүү;
d. инвестицияларды тартуу жана жаңы жумуш орундарын түзүү боюнча иштерди улантуу тапшырылсын.
3. Программанын жылдык көрсөткүчтөрүнүн толук аткарылышын камсыздоо боюнча тиешелүү иш-чаралар планы иштелип чыгып, анын аткарылышы туруктуу көзөмөлгө алынсын.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы А.Масалиев айылдык кеңешинин бюджет боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага Т.Галботоев