Загрузка документа…
А.МАСАЛИЕВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
А.Масалиев айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын 23 сессиясы
2026-жылдын 30-июлу № 43
А.Масалиев айыл өкмөтүнүн аймагында кичи долбоорлорду ишке ашырууда өздүк салым катары акча каражаттарын бөлүп берүүгө макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамына ылайык, А.Масалиев айыл өкмөтүнүн аймагында кичи долбоорлорду ишке ашыруу үчүн жергиликтүү бюджеттен өздүк салым бөлүү маселеси боюнча А.Масалиев айылдык кеңешинин бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун карап чыгып, А.Масалиев айылдык кеңеши токтом кылат:
1. А.Масалиев айыл өкмөтүнүн аймагында ишке ашырыла турган кичи долбоорлор үчүн жергиликтүү бюджеттен өздүк салым катары акча каражаттарын бөлүп берүүгө макулдук берилсин.
2. Өздүк салымдын көлөмү жана каржылоо булактары жергиликтүү бюджеттин мүмкүнчүлүгүнө жараша аныкталсын.
3. Айыл өкмөтүнүн башчысына долбоорлорду өз убагында жана максаттуу ишке ашыруу боюнча тиешелүү иштерди жүргүзүү тапшырылсын.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө тиешелүү туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
Төрага Т.Галботоев