Загрузка документа…
А.МАСАЛИЕВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
А.Масалиев айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын 23 сессиясы
2026-жылдын 30-июлу № 45
А.Масалиев айыл өкмөтүнүн мамлекеттик запастагы айрым жер тилкелеринин багытын өзгөртүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жер кодексин, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 23-мартындагы №62 “Энергиянын кайра жаралуучу булактарын пайдаланууга багытталган жерлерди берүү маселелери жөнүндө” Жарлыгын жетекчиликке алып, айыл өкмөтүнүн сунушун жана айылдык кеңештин айыл чарба боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун карап чыгып, А.Масалиев айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Айыл өкмөтүнүн мамлекеттик запастагы жерлерден кайра жаралуучу энергия булактарын пайдаланууга берүү боюнча сунушу жактырылсын.
2. Төмөнкү жер тилкелеринин багытын мыйзам талаптарына ылайык өзгөртүүгө макулдук берилсин:
· №1-контур – 0,95 га;
· №2-контур – 7,72 га;
· №7-контур – 1,83 га;
· №18-контур – 1,61 га;
· курулуш астындагы (урандылар) – 0,16 га.
Жалпы 12,27 га жер аянты.
3. Айыл өкмөтүнө тиешелүү мамлекеттик органдар менен мыйзамдарга ылайык документтерди тариздөө тапшырылсын.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы А.Масалиев айылдык кеңешинин айыл чарба боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
5. А.Масалиев айылдык кеңешинин 2025-жылдын 14-ноябрындагы №55 сандуу токтому жокко чыкты деп табылсын.
Төрага Т.Галботоев