Загрузка документа…
А.МАСАЛИЕВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
А.Масалиев айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын 23 сессиясы
2026-жылдын 30-июлу № 46
ОсОО «Чжэнь Лунь» тарабынан курулуп жаткан кичи ГЭСти электр энергиясы менен камсыздоо үчүн 10 кВ аба электр берүү линиясын курууга макулдук берүү жөнүндө
А.Масалиев айылдык кенешинин айыл чарбасы жана мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссияларынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесине ылайык А.Масалиев айылдык кеңеши токтом кылат:
1. ОсОО «Чжэнь Лунь» тарабынан А.Масалиев айыл аймагына караштуу Исфайрам дарыясына курулуп жаткан кичи ГЭСти электр энергиясы менен камсыздоо үчүн 10 кВ аба электр берүү линиясын куруу боюнча сунуш жактырылсын.
2. Электр берүү линиясынын Абсамат Масалиев айыл аймагы аркылуу өтүшүнө макулдук берилсин.
3. Долбоорду ишке ашырууда жер мыйзамдарынын, экологиялык жана шаар куруу талаптарынын так сакталышы камсыз кылынсын.
4. Айыл өкмөтүнө тиешелүү мамлекеттик органдар менен биргеликте документтерди мыйзам талаптарына ылайык бүтүрүү тапшырылсын.
5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы А.Масалиев айылдык кеңешинин айыл чарбасы боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
Төрага Т.Галботоев