Загрузка документа…
А.МАСАЛИЕВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
А.Масалиев айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын 23 сессиясы
2026-жылдын 30-июлу № 47
А.Масалиев айыл аймагындагы №2-контурда жайгашкан 6,29 гектар жер тилкесинин багытын өзгөртүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жер кодексин, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 23-мартындагы №62 Жарлыгын жетекчиликке алып, айылдык кеңештин айыл чарба боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун карап чыгып, А.Масалиев айылдык кеңеши токтом кылат:
1. А.Масалиев айыл аймагынын мамлекеттик запастагы №2-контурда жайгашкан жалпы аянты 6,29 гектар болгон жер тилкесинин (скотопрогон) пайдалануу багытын өзгөртүүгө макулдук берилсин.
2. Айыл өкмөтүнө мыйзам талаптарына ылайык тиешелүү документтерди даярдоо жана ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарга жөнөтүү тапшырылсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы А.Масалиев айылдык кеңешинин айыл чарбасы боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага Т.Галботоев