Редакцияот 18.02.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АК-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

“Ак-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин IX чакырылышынын IV сессиясы”

 

2025-жыдын 18-февралындагы  № 4/15

 

Мектеп автобусунун чыгымдары жөнүндө

 

              Ак-Суу айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 18.02.2025- жылдагы №01-6/14 сандуу кайрылуу катына ылайык айылдын муктаждыктарына жана мектеп автобусуна транспорттук чыгымдарын бекитүү тууралуу айыл өкмөтүнүн башчысы К. Сулайманкуловдун сунушун угуп жана талкуулап, Ак-Суу айыл аймагынын айылдык кеңеши:

  ТОКТОМ КЫЛАТ

 

  1.  Ак-Суу айыл аймагындагы муктаждыктарына жана №2 А.Осмонбеков орто мектебинин окуучуларын ташуучу автобусуна “Көмүр Кен”жоопкерчилиги чектелген коом ишканасы социалдык пакет эсебинен жардам берүү жагы суралсын.

 

  1. Ушул токтом кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет:

 

  1. Ушул токтом расмий веб-сайтына жарыялансын.

 

  1. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жиберүү жагы жооптуу катчы Ж.Жолдубай уулуна милдеттендирилсин.

 

  1. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин " Бюджет жана экономика мунципалдык менчик, инвестиция " боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Б.Жеңишбек уулуна жүктөлсүн.

 

 

 

Төрага М.Шаршеналы уулу