АК-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
“Ак-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин IX чакырылышынын IV сессиясы”
2025-жылдын 18-февралындагы № 4/13
Ак-Суу айыл аймагынын айыл өкмөт башчысынын 2024-жылдагы аткарылган иштерине баа берүү жөнүндө
“Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө “Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34-беренесинин негизинде Ак-Суу айыл аймагынын айыл өкмөт башчысынын 2024-жылдагы аткарылган иши боюнча отчетун угуп жана талкуулап, Ак-Суу айыл аймагынын айылдык кеңеши:
ТОКТОМ КЫЛАТ
- Ак-Суу айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы Сулайманкулов Канатбек Абзалбекович 2024-жылдагы аткарылган жумуштары “Канааттандырарлык” деп табылсын.
- Ушул токтом кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет:
- Ушул токтом расмий веб-сайтына жарыялансын.
- Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жиберүү жагы жооптуу катчы Ж.Жолдубай уулуна милдеттендирилсин.
- Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырам .
Төрага М.Шаршеналы уулу